Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

ЧЕЧЕНСТАНДА КОНСТИТУЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ: РЕФЕРЕНДУМДУН АКЫРКЫ РАСМИЙ ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва 23-март күнү Чеченстанда өткөн референдумдун акыркы жыйынтыктары бүгүн маалым болду. Ага ылайык, шайлоочулардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушу менен республика Баш мыйзамы кабыл алынды. Референдум жыйынтыктары жана ага карата айтылып жаткан айрым ой-пикирлер менен тааныштырып, Москвадан байланышта кабарчыбыз Төрөкул Дооров.

«Чеченстан тарыхында биринчи жолу Баш мыйзам жалпы элдин добушу менен кабыл алынды». Мына ушундай тыянакка келген республиканын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдул Керим Арсаханов тарабынан референдумдун расмий жыйынтыгы уктурулду. Анын айтымында, республиканын Конституциясы үчүн шайлоочулардын 96%ы добуш берген. Ал эми негизги саясий иш-чарага катышкандардын саны калктын шайлоого жарамдуу бөлүгүнүн 90%ын түздү.

«Буга чейин эч качан, эч ким чечен элине түз кайрылган эмес. Бул милдетти биз аткардык, жана калк берилген суроолорго так жообун айтты», – дейт Орусия Президенти Владимир Путин.

«Ошентип, он жылга чукул мезгил бою уланып келген этностук жана аймактык чоң чатак соңуна чыкты. Орусиянын бүтүмдүгү тууралуу маселе жабык» деп белгилейт мамлекет башчысы Владимир Путин. Бирок буга чейин күтүлгөндөй эле башкы жикчилер, масхадовчулар менен басаевчилер, дале болсо шайлоонун орой катачылыктар менен мыйзамсыз өткөндүгүн айтышууда.
Масхадовдун өкүлү Саламбек Маигов мындай дейт:

- Чеченстанда өткөн референдум, албетте, Советтер Союзунун мезгилиндеги жыйынтыктарды бурмалоо ыкмасынын идеалдуу көрүнүшүн берди. Менин пикиримде, бүгүнкү жагдайды эске алып карай турган болсок, жалпы элдик шайлоо өңдүү демократиялык иштин бул учурда колдонгондугунун өзү - чоң катачылык.

Маиговдун бул сөздөрүн республиканын коопсуздук кеңешинин катчысы Рудник Дудаев «ушакчынын жана жалганчынын» сөздөрү катарында кабыл алды.

Ал эми ушул тапта көптөгөн эксперттерди Масхадовдун шайлоо күнүндө референдумду бузуу үчүн эч кандай аракеттерди көрбөгөндүгү ойлонтуп жаткансыйт. «Карнеги» Корунан Алексей Малашенко «Балким, Москва менен жикчилер ортосунда кандайдыр бир макулдашуу өткөндүр» деген божомолун айтат.

Негизинен мындай сөздөр да ойдо жок жерден пайда боло калган жок. Референдум алдында буга чейинки Ичкерия республикасынын парламентинин мүчөлөрүнүн Путин алдына келишип, референдумду жактыра тургандыктары тууралуу ниетин айтышкандыгы маалым. Ошол парламент мүчөлөрү Масхадов менен Орусиянын расмий бийлиги ортосунда негизги байланыш түйүнүн түздү.
Путиндин жардамчысы Сергей Ястрежембский да бул маалыматты тастыктайт:

- Өлкө Президентинин жеке буйругу астында, Ичкерия Парламентинин мүчөлөрү менен эки айга жакын тыгыз байланышта сүйлөшүүлөр жүрдү. Сүйлөшүүлөр учурунда кээде пикир келишпестиктерге да жол берилгени менен биз эки тараптын тең кызыкчылыктарынын талабына жооп берген бир ойду тапканыбыз мени кубандырат.

Маселенин чоо жайы ушундай экен, расмий бийлик менен жикчилер ортосунда сүйлөшүүлөр жүргөндүгү чын экен, анда эмне үчүн бийлик бүгүнкү күнгө чейин ал тууралуу расмий маалымат бербейт? Эмне үчүн референдум алдында үч-төрт шайлоо участкаларында, чоң болбосо да, теракттар болду? «Бул дагы Москванын саясий иш-чараларды өткөрүүдөгү ыкмаларынын өзгөчөлүгүбү?» деген суроо коюшат изилдөөчүлөр.

Москва өзүнүн аймактык бүтүмдүгүн сактап калуу үчүн шайлоо алдында чечен элине эле эмес, жикчилерге да убада берген. Алардын ичинде ким өз ыктыяры менен куралын таштап, тынч жашоону тандаса, ага мунапыс жарыялана тургандыгы айтылган. Бирок, бааары бир табышмак жоопсуз кала тургандыгы кийинчерээк Орусиянын Юстиция министрлигинин буйругунан кийин маалым болду. Министрлитин маалыматында, жоочулар арасында чоң террористтик актыларга катыштыгы бар адамдар мунапысты алууга акысы жок экен. Анда Путин менен Масхадов ортосундагы азырынча «чын-жалганы дайынсыз» сүйлөшүүлөрдүн чын-төгүнү кайда барат? Бул азырынча белгисиз.

Чеченстанда референдум Орус бийлигинин пайдасына өттү. Республика калкынын мындан аркы турмушу орус бийлигинин буга чейин элге берген убадасынын кандай деңгээлде жүзөгө ашырыла тургандыгына да байланыштуу.
XS
SM
MD
LG