Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча чукул жыйын өткөрбөй калышы мүмкүн


Араб Лигасынын элчиси Йахйа Махмасани Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинен согушту токтотуу үчүн чара көрүп, Ирактан баскынчы күчтөрдү чыгарууну талап кылууга үндөдү. Бирок Ошол эле мезгилде Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча комиссиясы Ирак боюнча Коопсуздук Кеңешинин чукул сессиясын өткөрүү сунушун четке какты.
Махмасани Нью-Йоркто кечээ башталган Ирак боюнча ачык жыйында чыгып сүйлөдү. Жыйынды ачып жатып, БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешин Ирак боюнча мунасага келүүгө жана Ирактагы мунайды азык-түлүккө алмашуу программасын кайра жолго коюуга чакырды.
Коопсуздук Кеңешинин ачык сессиясы бүгүн да ишин улантат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG