ОШ. Өзгөн районунда «Хизбут-Тахрир» уюмунун жетекчилеринин бири кармалды.
Ал Өзбекстандын жараны, 1972-жылы туулган, Анжиян облусунун Шахрихан шаарынын тургуну, «Хизбут-Тахрир» партиясынын амиринин жардамчысы Бахтияр Нематов болуп чыкты. Бахтияр Нематов 1999-жылдан бери көрүнүктүү «хизбучу» катары Өзбекстандын тартип коргоо органдары тарабынан издөөгө алынып келет. 1999-жылы анын бир тууган агасы Мухаммедсадык Нематов камакка алынган. Соңку жылдары Бахтияр Нематов Орусиянын шаарларында, Бишкекте из жашырып жүргөн экен. Өзгөнгө келгенине 2 жума болгон. Бул тууралуу бүгүн Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.