Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

«Арнамыс» партиясынын мүчөсү камактан убактылуу бошотулду


БИШКЕК. Бүгүн «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатов жашаган жеринен башка жакка кетпестиги тууралуу тилкат жазып берип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бишкек шаарынын прокурору Өмүрбек Кутуевдин уруксатына ылайык боштондукка чыгарылды. Референдумга байкоо жүргүзгөн коомдук штабдын өкүлү болгон Т.Дулатов 2-февралда ар кайсы жерге барып добуш берип жүргөн адамдардын тобун байкаган. Натыйжада алардын бирөө - Бакыт Чордоев - штабга алынып келинген. Мындай окуяны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы киши уурдоо катары баалап, кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде буга чейин коомдук штабдын жетекчилери, «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү суракка алынып, 24-мартта Т. Дулатов камакка алынган. Аталган коомдук штабдын мүчөлөрү шаршемби күнү маалымат жыйынын өткөрүшүп, Дулатов референдумдагы одоно мыйзам бузуу фактыларын каттагандыгы үчүн атайылап камакка алынгандыгын маалымдашты. Ал эми бийлик өкүлдөрү алардын айткандарын четке кагып, мындай иш-аракет милицияга түшкөн арыздын негизинде ишке ашырылганын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG