Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Оппозициялык кыймыл элдик курултай өткөрүү маселесине кайрылды


БИШКЕК. «Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы уюштурганы жаткан Үчүнчү элдик курултай июнь айынын аягында өлкөнүн түштүк аймагында өтүшү ыктымал. Бул тууралуу кыймылдын кечээ өткөн кезектеги отурумунда сөз болду. Оппозициялык күчтөр мындан мурда Үчүнчү элдик курултайдын экинчи этабын март айында өткөрүүнү көздөшүп, бирок Аксы окуясынын бир жылдыгына саясий иш-чараны аралаштырбаш үчүн белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырышкан. Кыймылдын маалымат катчысы Замира Сыдыкованын бүгүн билдиргенине караганда, кыймылдын бейшемби күнкү кезектеги отурумунда ошондой эле Аксы окуясынын бир жылдыгына байланыштуу өлкө аймагында өткөн эскерүү иш-чаралары жана жакынкы келечекте аткара турган иш багыттары талкууланды.

XS
SM
MD
LG