Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Кыргыздардын курултайын уюштуруу комитети эл аралык уюмдарга кайрыла турган болду


БИШКЕК. Кыргыздардын Бүткүл дүйнөлүк экинчи курултайын өткөрүш үчүн резервдеги каражаттар пайдаланылат. Мындан тышкары уюштуруу комитети эл аралык уюмдарга финансылык жардам сурап кайрылат. Буга байланышкан чечимди комитет бүгүн отурумунда кабыл алды. Ушул эле жыйында курултайдын расмий эн белгиси, иш-чаралардын планы жана форумду уюштуруу боюнча оперативдүү штабдын курамы бекитилди. Ал эми 21-апрелдеги отурумунда уюштуруу комитети кыргыздардын экинчи курултайынын программасынын долбоорун талкуулайт. Экинчи курултайды уюштурууда комитет биринчи курултайдын иш планын негиз кылууну көздөп жатат. Кыргыздардын дүйнөлүк курултайын өткөрүү тууралуу жардыкты президент Аскар Акаев 6-мартта чыгарган. Ага ылайык кыргыздардын форуму 31-августка белгиленген.

XS
SM
MD
LG