Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

НАРЫНДАГЫ КЫРСЫКТАН, АЛДЫН–АЛА МААЛЫМАТ БОЮНЧА, 19 АДАМ КУРМАН БОЛДУ


27-мартта Бишкектен Кытайды көздөй бараткан автобус өрттөлүп, андан 19 адам каза болду.

26-марттан 27-мартка караган түнү Бишкек-Торугарт жолунун 236-чакырымында Кытайга таандык автобус өрттөлүп, андан алдын-ала маалымат боюнча 19 киши каза болду. Бул окуя тууралуу Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бул окуя 26-март түнү таң атаарда болгон экен. Токойдун ичинде автобустун өрттөнүп жатканын токойчу көрүп, Кочкорго барып кабарлаган экен. Автобустагылар 26-марттын кечинде саат тогуз жарымда ошол жердеги кафеден тамак ичишкен экен. Аларды саны 19-20 киши деп жатышат, кафеде иштегендер. Негизинен уйгурлар экен, арасында эки-үч кытай жарандары бар дешет. Алар Бишкектен Кашкарга бараткан. Токойдун ичине автобустун кандай барып калганын тийиштүү органдар иликтеп айтат чыгаар. Мен ал жөнүндө айта албайм. Бизге белгилүү дагы бир маалымат - автобустун алдында, ошол жүргүнчүлөргө таандык эки «Камаз» бар экен, алар Нарынга келип автобусту күтүп турушкан. Тартип коргоо органдары учурда мына ошол «Камаздардын» айдоочуларын сурап жатышат.

Улуттук коопсуздук кызматынын жогорку даражалуу кызматкеринин айтымында, автобус Бишкектен Кытайды көздөй бараткан. Каза болгондордун үчөө кытай, калган 16сы уйгур улутундагы адамдар болгон. Алардын арасында аялдар да болгон. Өрттөлгөн автобуста кытай жарандары болгонун Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өз атын айтуудан баш тарткан өкүлү да ырастады:

- Ооба, автобус Кытайдыкы. Кырсыкка учураган адамдардын ичинде кытай жарандары да бар. Биздин элчиликтин консулу окуя болгон жерге жөнөп кетти. Ал эми автобуста канча адам болгону жана анын канчасы каза болгону жөнүндө бизде азырынча маалымат жок.

Бишкек-Торугарт жолунда болгон трагедияны иликтеш үчүн вице-премьер-министр, унаа жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Комиссиянын курамына күч структураларынын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кирди. Бийлик органдары жолдо болгон окуянын кандай шартта, эмне себептен болгондугу тууралуу маалымат бере элек. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, кырсык болгон жерде иликтөө иши жүрүп жатат.

Кытай жарандары катышкан, киши өлтүрүү менен коштолгон криминалдык териштирүүлөр Кыргызстанда акыркы кезде байма-бай болууда. Айрым божомолдор боюнча Бишкек-Нарын жолундагы трагедия да мына ошондой криминалдык териштирүүлөрдүн уландысы болушу толук ыктымал. Кытайлык уйгурлардын катышуусу менен алгачкы террордук акт 1999-жылы Ош шаарында жасалып, анда бейкүнөө жарандар каза болгон. Андан кийин уйгурлардын «Иттипак» уюмунун лидери Нигмат Баззаков атылып өлтүрүлгөн. 2002-жылдын февраль айында Бишкектеги көбүнчө уйгур улутундагы адамдар соода кылган «Турбаза» өрттөлгөн. Андан кийин 2002-жылдын июль айында Кытайдын Кыргызстандагы элчигинин жогорку даражалуу дипломаты жана уйгур улутундагы кытай жараны Бишкекте атылып өлтүрүлгөн.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG