Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:34

Эми Ирак темасынын башка бир өңүтүнө баам таштап көрөлү. Атап айтканда, Саддам Хусейн коалициялык контингентке кандай аскери күч-кубатын каршы коюп жатат? Ирак армиясынын чарк-чамасы канчага жетет? Анын структурасы кандай? Бул суроолорго түз эфирде Эсенбай НУРУШЕВ жооп берет.

Иракта бир караганда, арийне, баары эле бар: аскер-аба күчтөрү, деңиз флоту, регулярдык армия, иши кылып, азыр жалпы мобилизацияга коюлган куралдуу контингенттин саны 300-350 миңге жетет. Бирок согуш авиациясы менен деңиз флоту иш жүзүндө толук жарактан чыгып калган сыяктанат, бери эле дегенде уруш башталгандан бери алардын кандайдыр бир операцияга катышканы туурасында ныпым сөз боло элек. Регулярдуу армияга келсек, ал беш корпуска,16 дивизияга бөлүнгөн. Алардын ичинде урушка жарамдуусу делинип республикалык гвардия аталат, ошондуктан анын бөлүктөрүнө негизги шаарларды, өзгөчө Багдадды коргоо иши табышталган. Республикалык гвардиянын саны 70 миңге барат. Андан соң Иракта республикалык атайын гвардия деп аталган аскери структура бар, анын курамы 15 миңдей болушу мүмкүн. Атайын гвардия президент Хусейнди, анын үй-бүлөсүн, жалпы өкмөт төбөлдөрүн күзөтөт, бул гвардия Хусейндин уулу Кусайга баш иет. Акырында Ирактын атайын кызматтары менен чалгындоо органдарында 40 миңдей киши кызмат өтөйт. Салыштыруу үчүн айта кетели: булуңдагы биринчи согушта, башкача айтканда, 1991-жылы Саддам Хусейндин колунда, эксперттердин эсептерине ылайык, туруктуу составда жана резервде турганы болуп баары бир миллионго жуук аскер болгон экен.

- Ирактын армиясы дүйнөдөгү эң көп сандуу контингент деп айтылып жүргөнү белгилүү. Анын азыркы абалы кандай? Уруш маалында Ирак армиясы кандай тактиканы колдонуп жатат?

- Ирактын аскер контингенти кагаз жүзүндө гана аркалуу армия аталат. Иш жүзүнө келгенде ал азыркы замандагы уруштарга жарай албайт. Анын үстүнө акыркы он жылдагы санкциялык режим Ирактын армиясын катуу алсыратты: аскер-аба күчтөрү, деңиз флоту, атүгүл республикалык гвардия заманбап курал-жарак менен жабдылган жок. Ошол себептен ирак аскерлери масштабдуу согуштарга кирбей, көбүнесе партизандык тарыйкаларга салып урушуп жатат. Бирок Багдадга келгенде кырдаал толук өзгөрөт. Азыр шаарды тандалма беш дивизия тегерете тосуп, кырчоо болуп турат. Коалициялык аскерлер Багдадга басып киргенде алар менен баары бир бетме-бет чыгып урушканга туура келет. Ирак армиясынын, анын ичинде республикалык гвардиянын духу ошондо түшүшү ыктымал. Иш оңолгус оролго ооп баратканын көргөндө көбү жөн эле колго түшүп берет, калганы талкаланат же алдаалап качып берет болуу керек.

- Бирок Багдаддын өкүлдөрү армия акыркы каны калганча кармашат,жеңиш барып-келип Ирак тарапта болот деп күн сайын өздөрүн да, элди да ишендирип жатышпайбы? Анын үстүнө коалициялык аскерлер да, айрым маалыматтарга караганда, түзүк эле чыгымга учурап жаткан өңдөнөт.

- Саддам Хусейн же ырасмий ирак өкүлдөрү акыркы сааттарга чейин ушинтип айтышмакчы. Мындан башка алардын аргасы да жок. Бирок фронттун алдыңкы позицияларында иштеп жаткан кабарчылар коалициялык күчтөргө регулярдуу армиянын бөлүктөрүнө караганда “Саддамдын федаиндери” өзгөчө каршылык көрсөтүп жаткандыгын айтышууда. Алардын айынан союздаштардын аскерлери алга жыла албай, баштагы пландар үзгүлтүккө учурай баштаганын коалициянын командачылыгы да моюнга алганга аргасыз болду. Федаиндерге президент Хусейндин экинчи уулу Удай командачылык кылат. Алардын жалпы саны 40 миңге барат, бирок федаиндердин катары дагы көбөйүшү мүмкүн. Эң негизгиси - Багдад алынып,Саддамдын режими кулатылгандан кийин федаизм бүткүл Иракта кеңири таралган көрүнүшкө айланып,террордук акциялар тыйылбас иш болуп калышы ыктымал. Эмнеси болсо да федаиндер азыркы уруштун башкы күчү болуп жатышат.

Дагы бир жолу эскерте кетели: федаин – диний ишеним үчүн жан кыйганга даяр туруу дегенди билдирет. Федаиндердин тарыхы орто кылымдардан башталат, “Саддамдын федаиндери” болсо ирак диктатору үчүн башын өлүмгө сайгандар.
XS
SM
MD
LG