Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

“КАМЕКО” КУМТӨРДҮ КАНЧАГА САТЫП АЛГЫСЫ КЕЛЕТ?


Сапар Орозбаков, Бишкек Мурда кабарлангандай, Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан Канаданын «Камеко» корпорациясы кыргыз өкмөтүнө биргелешкен ишкананын Кыргызстанга тиешелүү акциялар пакетин сатып алуу ниетин билдирген. «Камеко» ал үчүн 57,6 млн. доллар төлөп берээрин айтат. Жергиликтүү адистердин пикиринче, бул соодалашуу – ири алтын кенин натыйжалуу пайдаланууга муктаж болгон чакан өлкө үчүн “кылым соодасына” тете, ошондуктан Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк шеригине уттурбоого тийиш.

«Камеко» Кыргызстанга берем деген 57,6 млн. долларын, албетте, асмандан алган эмес. Ал аны атайын модель менен эсептеп чыккандыгын айтышат. Бирок анын эсеби жергиликтүү адистерди аң-таң калтырууда.

Биринчиден, «Камеко» өз эсебинде алтындын баасын 1 унция үчүн 310 доллар деп алат. Бүгүнкү баа болсо, жалпыга маалым болгондой, 330 доллар. Эксперттер корпоративдик кризиске жана Ирактагы согушка байланыштуу алтындын баасы дагы өсөт деп болжошот. «Камеконун» Кумтөрдү толук сатып алгысы келип жатканынын себеби деле ошол дешет алар. «Алтындын баасы өсөт, ал өссө, Кумтөрдүн баасы чыгат, андан бир пайда көрүп калайын» деп алып жатпаганда, «Камеко» эмне, - дешет алатоолук адистер, - Кыргызстанга жөн эле акча бере коеюн деп Кумтөрдү алганы жатыптырбы?

Бирок алтындын баасы канча болоорун бир Кудай билбесе, эч ким билбейт. Ошондуктан «Камеконун» анысына мейли дейли. Бирок «алтындын баасы 325 доллардан ашып кетсе 5% төлөп берем» дегени бери дегенде эле бир топ таң калтырат. Эмне үчүн Кыргызстанга 5% болуш керек да, калганынын баары «Камекого» тийиш керек? «Камеко» мурда «алтындын баасы төмөн» деп Кыргызстанга эч нерсе бербей келгени маалым. Эми баа жогоруласа деле эч нерсе бергиси келбей жатат, - дешет жергиликтүү адистер.

«Камеко» алтындын баасын төмөн алгандай эле, өндүрүштүк чыгымдардын көлөмүн да жогору алган. Мисалы, «Кыргызалтындын» маалыматы боюнча 1 унция алтынды өндүрүүгө 1999-жылы 165 доллар, 2000 жылы 144 доллар кеткен. Ырас, андан мурда өндүрүштүк чыгым жогору болуп келген. 1997-жылы - 188, 1998-жылы - 169 доллар болгон болчу. Бирок анда «Кумтөрдүн» жетекчилери акчаны өздөрүнүн басып-турганына туш келди чачканы маалым. Бул жылдары административдик башкарууга кеткен чыгымдар жалпы чыгымдын 40% чыгып кеткен. Кийин ал кыскартылганда гана Кумтөр бир аз пайда бере баштаган. Бул - экинчиден.

Үчүнчүдөн, «Камеко» таза кирешени чыгарганда акчаны 15% дисконт менен эсептейт. «Дисконт» деген эмне экенин көпчүлүк биле бербегендиктен, анын маңызын кыскача болсо да айта кетүү абзел. Мисалы, сиздин 100 сомунуз болсо, кийин, айталы, 5 жылдан кийин бирөөдөн 100 сом ала турган болсоңуз, бул эки 100 сомдуктун айырмасы бар. Кийин алчу 100 сомуңузга караганда, азыркы 100 сомуңуз баалуу. Анткени аны болбой калды дегенде банкка салып коюп үстөгүн аласыз. 5 жылдан кийин азыркы 100 сомуңуз 100 сомдон ашык акча болуп чыгат. Муну бизнесте эске алып ар кандай жылдардын акчасын кошкондо ошол дисконт менен кошушат. Бирок дисконт 15% болот деп уккан эмес экенбиз. Ал ашып кетсе 7-8%, болбосо 5-6% болот. «Камеко» бул жерде да утушта болуп жатат. Айрым адистер: “Эгерде «Камеко» 15% дисконт реалдуу деп эсептесе, башкалардан акча алып, ошондой процент менен кайрып берип көрсүн, - деп каяша айтууда. - Анда биз бизнес жасап убара болбой эле, акчаңарды «Камекого» бергиле дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. «Камеко» мындай үстөк менен акча алганды эмес, бергенди жакшы көрөт. Биз «Камеконун» 107 млн. доллар кредити жөнүндө айтып жатабыз. Бирок ал өзүнчө сөз кылууга татыйт. Бул жерде дагы бир кызык нерсе - «Камеко» өз акчасын дисконт менен эсептейт да, Кыргызстандыкын болсо ансыз эле санайт. Ал бардыгын 8 миллиондон деп, Кыргызстандын 5 жыл кийин ала турган акчасына бир да цент кошуп койбойт”.

Айтмакчы, «Кыргызгеология» мамлекеттик агенттиги «Камеко» менен удаалаш эсеп жүргүзүп көргөн. 1 унция алтындын баасы 300 эле доллар болот деп алганда, агенттиктин эсебинде, Кыргызстанга 112,8 млн. доллар түшөт экен. Ал эми 325 доллар деп алганда 146,9 млн. доллар болуп кетет. Бир жылга эсептесек, ал 8 млн. доллар эмес эле, 22 же 29 млн. доллар болот экен. Адилеттүүлүк үчүн айтып коюш керек, январдагы жолугушууда Кыргызстандын өкүлдөрү «Камеко» 8 млн. эмес, 25 млн. доллардан төлөп бериш керек деген маселе коюшкан. «Камеконун» өкүлдөрү, албетте, буга макул болгон эмес.
XS
SM
MD
LG