Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР ӨЗ ТИЛИНДЕГИ ГЕЗИТТЕРГЕ МУКТАЖ


Мирзахолим Каримов, Бишкек Тажикстандык кыргыздар Советтер Союзунун доорунда Кыргызстандан жарык көргөн гезит-журналдардын дээрлик бардыгын алып, үзбөй окуп турушчу. Биримдик тарагандан кийин мындай байланыш түп-тамырынан үзүлдү десек да болот. Бул аз келгенсип алар өздөрүнүн эне тилиндеги жергиликтүү көп тираждуу тунгуч гезиттеринен да айрылып кала жаздашты.

Советтер Союзу тараган мезгилге чейин Тажикстандагы Мургап, Жергетал, Шаартуз, Исфара жана Согду облусунун айрым райондорунун айылдарында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстанда жарык көргөн ар бир гезит-журнал алака түйүндөрү аркылуу өз убагында жетип турган. Тилекке каршы Союз тарагандан кийин бул байланыш түп-тамырынан үзүлдү. Албетте, буга Тажикстанда болуп өткөн согуш да терс таасирин тийгизди. Бирок, тарыхый мекенинде жарык көргөн басма сөз беттеринен ар түрдүү маалымат-кабарларды үзбөй окуп көнүп калган тажикистандык кыргыздар азыр өз эне тилдериндеги гезиттерди көзгө сүртүүгө да таба албай, аябай кыжаалат болуп жүрүшөт. Кимдир-бирөө Кыргызстандан алып барган гезитти кезек менен талашып окуп жүрүшкөнү тууралуу Жергеталга чыгармачылык сапар менен атайын барып келген «Кыргыз Руху» гезитинин башкы редактору Бахпурбек Аленовдун абдан кейип айтып бергени буга анык далил десек болот.

Атаганат, кана эми Кыргызстандагы басма сөз күркөлөрүндө жумалап сатылбай саргайып жаткан гезиттердин аз эле санын ошол бир ууч кыргыздарга да насип кылып турса!.. Тилекке каршы бул маселе Кыргызстан тараптагыларды ойлондура элек. Мунун назарга алынбай жаткандыгынын негизги себеби - улуттук саясаттын жакшы жүргүзүлбөй жаткандыгында. Болбосо, «тарыхый Мекеним, чоң элим бар» деп, Тажикстанда жашап жатышкан 60 миңден ашуун кыргыздар үчүн кыргыз өкмөтү алтын сандыгынан көп эмес, аз эле каражат бөлүп, кыргыз тилиндеги гезиттердин бардыгын болбосо да айрымдарын аларга да жөнөтүп турууга кам көрсө, кандай сооп иш жасаган болоор эле. Бул ойду сын катары эмес, сунуш катары ортого салсак, балким алыста жашаган ошол бир ууч кыргыздардын арманы жумуруяттагы тийиштүү адамдарды ойлондуруп, бул боорукерлик иш колго алынар деген ой туулат.

Ырас, Тажикстандын кыргыз райондору Жергеталда «Каратегин», Тоолуу Бадахшандагы Мургапта «Сарыкөл кабарлары» аттуу кыргыз тилиндеги жергиликтүү гезиттер бар. Ал гезиттер 50 жылдан ашуун мезгилден бери жарык көрүп келген. Социалисттик система бузулуп, базар экономикасы өкүм сүрө баштагандан кийин бул эки райондун кыргыз тилиндеги жергиликтүү гезиттери илгеркидей өз убагында чыкпай калган эле. Тажикстандагы согуштун кесепетинин алар айлап-жылдап жарык көрбөй, каражаттын жоктугунан кыйынчылыкка дуушар болушту. Бирок аталган райондордун жергиликтүү бийлик адамдары кыргыз тилиндеги жападан-жалгыз гезиттеринин чырагын өчүрбөй, айда-жылда болсо да эптеп чыгарып келатышат.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусуна караштуу Мургап районундагы «Сарыкөл кабарлары» аттуу гезиттин анда-санда болсо да чыгарылып турушуна Ош облусунун жардам берип келатканы жакшы көрүнүш. Бул үчүн деңиз деңгээлинен 4000 метрге жакын бийиктиктеги ааламдын чокусун мекендеп, нечен кылымдардан бери жашап келаткан ошол 10 миңден ашуун памирдик кыргыздар абдан ыраазы болуп жүрүшөт. Ош шаарындагы басмаканадан жарык көрүп, мургаптык кыргыздарга кез-кезде болсо да тарап жаткан райондук «Сарыкөл кабарлары» гезитинин башкы редактору Султан Парманов ушул маселе жана Кыргызстан менен болуп жаткан байланыштар тууралуу мындай ой бөлүштү:

- Тажикстанда болуп өткөн баягы саясий жаңжалдар чын-чынына келгенде бизге эч кандай таасирин тийгизген эмес. Бизде бардыгы тынч болгон. Тажикстандын өкмөтү азыр деле жардам берип, районубуздагы жашоо-турмушту жакшы деп айтсак болот. Кыргызстан менен да байланыштырабыз жакшы. Ош шаарынан гезитибизди чыгарып берип жатышат. Ош облусу менен экономикалык, туугандык жактан да алакаларыбыз бар. Биз мындай байланыштарды үзбөй жүргүзө беребиз деген ойдобуз.
XS
SM
MD
LG