Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

БУШ МЕНЕН БЛЭР СОГУШТА ЖЕҢЭЭРИНЕ БЕКЕМ ИШЕНИШЕТ


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Вашингтонго барып, Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш менен сүйлөшүү өткөрдү. Жолугушууда Иракка каршы коалициянын эки лидери аскерий операциялардын жүрүшүн, согуштан кийин Иракты калыбына келтирүү иштерин, алардагы Бириккен улуттар уюмунун ролун жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу маселелерин талкуулашты.

Вашингтондогу 2 күндүк сапары учурунда Британиянын премьери Тони Блэр Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш жана башка жетекчилер менен жолугушуулар өткөрдү. Лондондон жөнөп кетээр алдында ал саммитте Ирактагы согуштун тегерегиндеги маселелер, Израиль-Палестина чатагын жөнгө салуудан башка Ирактагы согуштан улам Америка менен Европа өлкөлөрү ортосунда пайда болгон ажырымды жайгаштыруунун жолдору да талкууланарын маалымдаган.

Мурунку күнү кечке маал Вашингтондун чет жагындагы Кэмп-Дэвид резиденциясында кең-кесири сүйлөшүшкөн Жорж Буш менен Тони Блэр бейшембиде биргелешкен пресс-конференция өткөрүп, Ирактагы согушта коалициялык күчтөр жеңишке жетээрине бекем ишенип турганын билдиришти. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш: "Коалициялык күчтөр күндөн күнгө душманга каршы күрөштө ишеничтүү алдыга жылып баратат. Жай, бирок ишеничтүү аракеттердин артында, Ирак элинин мойнун бекем толгогон муштум күчүн жоготууда", - деп белгиледи. Анын бул айткандарын кубаттап, британ премьери Тони Блэр Саддамдын бийлиги аяктап калганына басым жасады: "Саддам Хусейн жана анын жек көрүндү болуп бүткөн режими кулайт, Ирактын массалык кыргын салуучу куралы жок кылынат жана ирактыктар эркиндикке жетишет. Бул – биздин милдеттенмебиз жана аны биз сөзсүз аткарабыз", - деди Блэр.

АКШ менен Британиянын лидерлери "Согуш саммити" атка конгон жолугушуусунда уруш азабын тартып жаткан ирактыктарга жардам көрсөтүү маселесине зор маани берилгенин ырасташты. Жорж Буш Бириккен улуттар уюмун аскердик операциялар башталгандан бери токтоп калган "Мунай үчүн азык-түлүк" программасын жандантып, Ирактын карапайым калкына жардам көрсөтүүгө үндөдү: "Биз ирактыктарга багытталган кеңири масштабдагы гуманитардык жардамыбызды белендеп койдук, сөзүбүзгө туруп, аны мүмкүн болор замат, жөнөтө баштайбыз. Бүгүн Британиянын премьер-министри экөөбүз Бириккен улуттар уюмун Ирактагы "Мунайды азык-түлүккө алмаштыруу" программасын токтоосуз жандантууга үндөйбүз. Ирак калкынын жарымынан көбүнүн өмүрү азыр дал ушул программага көз каранды", - деди президент Буш. Британ премьери бейшембиде кечинде Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан менен жолугушуу учурунда бул маселени алдыга чыгараарын жана ага ирактыктарга азык-түлүк жеткирүү ишин жакынкы күндөрү чечүү өтө зарыл деп айтаарын кошумчалады.


Мындан сырткары Буш менен Блэр экөө тең согуштан кийин Иракты калыбына келтирүүдө Улуттар уюму активдүү роль ойнооруна үмүтүн билдиришти. "Биз Ирактын болочок өкмөтү сырттан таңууланбай, ирак эли өзү шайлашын колдойбуз", - деп белгилей кетти АКШ президенти буга байланыштуу. Айтмакчы, британ премьери Ирак армиясы колго түшкөн британ аскерлерин өлтүрүп жатат деп айыптап, ага кандай далили бар болду экен деген суроону жоопсуз калтырды. Эки жетекчи тең аскерий операция азыр кийинки баскычка өтүп, Саддамдын эң ырайымсыз, кооптуу күчтөрү менен салгылаштар башталганын айтып, кантсе да Иракка каршы коалиция бир аптага жакын мезгил ичинде олуттуу натыйжаларга жетишкенине басым жасашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG