Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

ӨЗБЕКСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗЫНЫН МИЛЛИОНДОГОН ДОЛЛАРЛЫК МҮЛКҮ БАР


Жаркын Темирбаева, Прага Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын күйөөсү менен ажырашуу сот процесси АКШнын Нью-Жерси штатында өтүп жатат. Сот териштирүүсүндө Гүлнара Каримованын Орусия, Америка Кошмо Штаттарында жана Өзбекстанда миллиондогон доллар мүлкү бар экени ачыкка чыгууда. Бул тууралуу макала “Transition Online” деген эл аралык интернет журналында басылган. Макаланын урунттуу жерлерин сунуш кылабыз.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызынын ажырашуусу боюнча сот жараянында ачыкка чыккан кээ бир маалыматтарга караганда, бул жөнөкөй ажырашуу эмес. Соттук тергөө учурунда Гүлнара Каримова-Максудинин Орусияда, АКШда жана Өзбекстанда миллиондогон доллар мүлкү бар экени ачыкка чыкты.

Булардын баары соттук териштирүү боюнча ушунча деп бааланган. Балким президентин кызынын байлыгы андан көп болушу да мүмкүн дешет кээ бир эксперттер. Алар мынчалык мүлк Каримованын кызы Гүлнарага таандык болушу тууралуу ар кыл жоромолдорун айтууда. Анткени Гүлнара Өзбекстандын жөнөкөй бир мамлекеттик ишканасында иштейт.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун күйөө баласы Мансур Максуди болсо - Нью-Жерси штатынын тургуну. Мансур Максуди менен Гүлнара Каримова экөөнүн Ислам, Иман деген эки баласы бар. Чоң уулу он жашар, кызы Иман алты жашта.

Нью-Жерси штатынын жогорку сотунун мүчөсү Вилсон бул экөөнүн ажырашкандыгы тууралуу сот өкүмүндө балдары атасы Мансурда калсын деген чечим чыгарган. 2001-жылы Гүлнара Каримова эки баласын алып, Ташкентке кетип калган. Ал кезде Мансур Максуди ажырашам деген ниетте жүргөн. Ажырашуу арызы менен сотко Мансур Максуди кайрылган. Бирок Гүлнара Каримова америкалык сотко жооп бербейм деп сот жоопкерчилигин четке кагууга аракеттенген деп айтылат эле аралык “Transition Online” интернет журналындагы макалада.

Өзбекстан кээ бир эл аралык келишимдерге кол койгон эмес деп баш тартып келген. Сот болсо 31-январда Гүлнаранын күйөөсү менен ажырашканы тууралуу чечимин чыгарды. Америкалык сот Гүлнара Каримованы эки баланы тең Америка Кошмо Штатына кайра алып келгин деп милдеттендирди. Андан сырткары Максудинин сот жараяны үчүн жумшаган берген 300 миң доллар чыгымын Гүлнара Каримова төлөп берүүсү да талап кылынды.

Коомчулуктун көңүлүнө арзыган жагдай – бул Өзбекстандын президенти Каримовдун фамилиясындагы мүлкү айымдын ажырашуу жараяны аркылуу ачыкка чыккандыгында. Сот териштирүүсүнө чыгымдалган каражаттын көпчүлүгү Гүлнаранын мойнуна жүктөлдү. Сот жыйынтыгында Мендхэм шаарындагы алар мурда жашаган үй Мансурга калтырылды. Алар мурда минген абдан кымбат эки машина тең Мансурга чегерилди. Мындан сырткары сот чечими боюнча тизмектеп айтканда 7 миң доллар турган пианино, банк эсебиндеги 440 миң доллар, «РОЗ-ГРУП» деген компаниядагы алты миллион долларлык акция, ушул эле компаниядагы 3 миллион 300 миң доллар накталай акча Мансурга калсын делди.

Ал эми Гүлнара Каримовага болсо 4,5 миллион доллар турган шуру, билерик, сөйкө сыяктуу буюмдар, банк эсебиндеги 11 миллион доллар, Ташкен шаарындагы үй жана Женева менен Дубайдагы компаниялардагы акциялар калды. Сот тергөөсүндө көрсөтүлгөндөй, Өзбекстандын президентинин кызы дагы бир топ бизнести көзөмөлдөгөнү аныкталган. Мисалы, 10 миллион доллар турган бир соода түйүнү, 13 миллин доллар турган Чымган курорту, андан тышкары Москвада 4 миллион долларга баалана турган пентхауз түрүндө курулган үй, 4 миллиондук Ташкендеги түнкү клубдар Гүлнара Каримованын пайдасына чечилди.

Интернет журналында жарыяланган Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын күйөөсү менен ажырашуусу тууралуу макалада жогорудагыдан башка “Уздунробита” деп аталган телефон компаниясындагы акциянын 20 пайызы Гүлнарага чечилгени айтылат. Ал 20 пайыз акция 15 миллион доллар турат. Мындан башка да америкалыктар менен бирге түзүлгөн жана 5,5 миллион АКШ долларына тете телерадиокомпания сот чечимине ылайык Каримовага калтырылган.

Каримова айым америкалык соттун мындай чечимине каршы арыз бермекчи.
XS
SM
MD
LG