Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

СЕРБИЯ: ЗОРАН ЖИНЖИЧТИ ӨЛТҮРГӨНДӨРДҮН САРЫ ИЗИНЕ ЧӨП САЛЫНУУДА


Сербияда мурдагы премьер-министр Зоран Жинжичти өлтүргөн деп шек кылынган эки киши камакка алынаарда полицияга каршылык көрсөтүп, аткылашуу маалында өлтүрүлдү. Серб өкмөтү Милошевичтин доорунда тамырын терең жайган уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу үчүн бар аргасын жасаарын билдирүүдө.

Бейшемби күнү серб полициясы маркум премьер-министр Зоран Жинжичти өлтүрүүгө тийешеси бар деп шектелген эки кишини Сербиянын ордо шаары Белграддын бир району – Бараевде камакка алууга аракет кылды. Бул экөө - Душан Спасоевич менен Милан Лукович - колго түшүүдөн баш тартып, полиция менен аткылаша баштады. Дал ушул атышуулар маалында аларга ок жаңылып, экөө тең өлдү. Алардын бири Лукович – кылмышкерлер дүйнөсүндө “Анабашы” деген ылакап ат менен таанылган. Экөө тең “Земун кланы” деп аталган уюшкан кылмыш тобунун өкүлдөрү болчу.

Серб өкмөтүнүн маалымдашынча, дал ушул топтун өкүлү Звездан Йованович эки апта мурда, марттын 12синде снайпердик мылтык менен премьер Жинжичти атып өлтүргөн. 38 жашар Звездан Йованович ушул аптанын дүйшөмбү күнү камакка алынды. Ал Жинжичти өлтүрүү тууралуу буйрукту аткарган мерген катары айыпталууда. Йованович кезинде Милошевичтин сакчысы катары кызмат өтөгөнү да көңүл бурууга арзыйт.

Сербиянын азыркы премьер-министри, демократиячыл көз карашы боюнча Жинжичтин ырааттуу шериги болгон Зоран Живкович бейшембиде (27-мартта) алиги кылмыш тобу тууралуу мындай деп билдирди:

- Бул киши өлтүрүү окуясына катышкандар, тергөө маалында айгинеленгендей, башка да шойкомдуу иш-аракеттерди жүргүзүп келишкен. Баарынан мурда, алар баңги затты тымызын ташуу менен алектенишкен.

Премьер Живкович өлкөнүн башкы маселеси – тек гана Зоран Жинжичти өлтүргөндөрдү таап, адилет сот жазасына тартуу эмес, мурдагы Югославия президенти Слободан Милошевичтин тушунда кеңири кулач жайган уюмдашкан кылмыштуулуктун желесин жок кылуу экенин баса белгиледи:

- Азыр алдыбыздар тарыхый бир мүмкүнчүлүк турат. Үстүбүздөгү жыл – Сербияда кылмыштуулукту жеңүү жылы болууга тийиш. Албетте, эч бир мамлекетте кылмыштуулукту биротоло жок кылуу мүмкүн эмес, бирок биз өлкөбүздү Европадагы эң коопсуз өлкөлөрдүн деңгээлине чыгаруу үчүн кылмыштуулукту азайткан тарыхый шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнүн кезеңи келип турат.

Серб бийлиги Жинжичтин киши колдуу өлүмү менен байланыштуу үч миңдей кишини суракка алды, алардын миңдейи абакта тутулууда.

Адистердин айтымында, “Земун кланы” сыяктуу ашынган кылмышкерлер тобуна каршы чабуул Милошевичтин мурдагы режиминен калган уюшкан кылмыш желесин кыйратуу багытында олуттуу жылышты камсыз кылды. Милошевичтин өзү ушул тапта согуш кылмыштары менен байланыштуу доо боюнча эл аралык сотко жооп берип жатат. Ал Гаагадагы эл аралык трибуналдын абагында кармалууда. Маркум премьер Жинжичтин чечкиндүүлүгүнүн натыйжасында Милошевич 2001-жылы апрелде камакка алынып, ошол эле жылы 28-июнда Гаагага өткөрүлүп берилген.

XS
SM
MD
LG