Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

ЕврАзЭСтин Парламент аралык ассамблеясынын туруктуу комиссиясы Бишкекте чогулду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Евразия Экономикалык Шериктештигинин (ЕврАзЭС) Парламент аралык ассамблеясынын социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча азыр Кыргызстан төрагалык кылган туруктуу комиссиясынын кезектеги отуруму болду. Анда 16 маселе каралды. Алардын катарында уюмга мүчө мамлекеттердин жарандарынын убактылуу эмгек ишмердүүлүгү тууралуу макулдашуу, уюмдун социалдык саясаты боюнча келишим өңдүү маселелер бар. Ушул эле отурумда уюштуруу маселеси талкууланып, туруктуу комиссиянын төрагасы болуп Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев дайындалды. Буга чейин комиссияны Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакирдин Жолчиев жетектеп келген. Отурумду комиссия төрагасынын орун басары, Беларусь парламентинин өкүлү Геннадий Дылевский башкарды. ЕврАзЭСтин беш комиссиядан турган Парламент аралык ассамблеясынын курамына Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын өкүлдөрү кирет.

XS
SM
MD
LG