Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Ирак согушуна каршы акцияларды колдобой турганын билдирди


БИШКЕК. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов Ирактагы согуштун чукул токтотулушун талап кылган кыргызстандык айрым укук коргоочу уюмдардын АКШ Конгрессине жолдогон 28-марттагы кайрылуусун колдобой тургандыгын билдирди. Өз билдирүүсүндө ал Бишкек шаарындагы митингди, «кечки гезиттин согушка каршы долулугун» жактырбастыгын, Кыргызстанда глобалдык маселелерге караганда, көңүл бөлө турган улуттук кызыкчылыкка байланышкан ички маселелер көп экенин белгилеген.
«АКШ - кыргыз элинин ишенимдүү досу жана анын да жаңылышууга акысы бар. Ал эми Саддам Хусейн - Ирак элине да, өзүнө да башка жолду калтырбаган диктатор». Мына ушундай көз карашын туюнткан билдирүүдө коалициянын президенти Ирактагы согуштун таптакыр ыймансыз согуш экенине ишенбей турганын, АКШ демократиянын сакчысы катары өзүн дагы көрсөтө алаарына ишенгендигин билдирген. Э.Байсалов ошондой эле «Коалиция АКШ уюмдарынан финансылык колдоо алып жаткандыктан, ушундай билдирүү жасап жатат» деген түкшүмөл жаратуунун кажети жоктугун да белгилеген.

XS
SM
MD
LG