Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Нарын облусундагы кырсыкта 21 адам каза болгондугу аныкталды


БИШКЕК. 26-марттан 27-мартка караган түнү Нарын облусунда болгон кырсыктан 21 адам каза болгон. Күйгөн автобустун ичинен автоматтын атылган окторунун тогуз гильзасы табылган. Бул тууралуу бүгүн кырсыкты иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, унаа жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев маалымат жыйынында билдирди. Журналисттердин кырсык боюнча суроолоруна башкы прокурор Рустам Исаев, ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиев да жооп беришти. Алардын айтымына караганда, каза болгондордун көпчүлүгү уйгур улутундагы кытайлык жарандар болушкан. Учурда каза болгон дордун сөөктөрү атайын иликтөөдөн өткөрүш үчүн Бишкекке жеткирилди. Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренесине ылайык кылмыш иши ачылды. Өкмөт өкүлдөрү кырсыктын себебин өлкөдөгү бардык тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн турган комиссия жакын арада аныктап, коомчулукка маалымдай тургандыгын айтышты.
Кытайлык жарандардын каза болгондугуна байланыштуу бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чжаосинге жана каза болгондордун жакын туугандарына көнүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

XS
SM
MD
LG