Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Жапония алгачкы ирет чалгынчы-спутниктерин космоско учурду


Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлиги Жапониянын тыңчы-спутниктеринин асманга кое берилишин кескин айыптап, "Түндүк-чыгыш Азияда жарыша куралдануунун жаңы баскычы башталганы" үчүн жоопкерчилик бүт бойдон Токиого жүктөлөөрүн эскертти. Жапония жума күнү алгачкы ирет эки чалгындоо спутнигин космоско жөнөткөн. Ракета алып жүрүүчү спутниктер жапон чалгынчыларына Түндүк Корея армиясынын кыймыл-аракеттерине космостон байкоо жүргүзүү мүмкүндүгүн ачат. Пхеньян Токионун бул кадамын "касташуу аракети" катары баалады.

XS
SM
MD
LG