Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

БИШКЕК-ТОРУГАРТ ЖОЛУНДАГЫ ТРАГЕДИЯНЫН СЕБЕПТЕРИ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


Бишкек-Торугарт жолундагы трагедиядан 21 адамдын өлгөндүгү аныкталды. Кылмышты иликтөө үчүн башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев башында турган топ түзүлдү.

Бейшемби күнү таңга маал Бишкек-Торугарт жолунун 236-чакырымында Кытайга таандык «Ютунг» маркасындагы эки кабаттуу автобусунун өрттөлүшүнөн 21 адамдын каза болгондугу аныкталды. Бул тууралуу жума күнү өткөрүлгөн маалымат жыйынында окуяны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Кубанычбек Жумалиев маалымдады. Анын айтымында, өлгөндөр негизинен уйгур улутундагы Кытай жарандары. Өлүктөрдүн баары Бишкекке алынып келинип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат. Күйүп кеткен автобустун ичинен автоматтын атылган 10 огунун кабы (гильзасы) табылган. Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиевдин айтымында, күйгөн автобусту кароо улантылууда, ошондуктан автоматтын атылган октору кийин да чыгышы мүмкүн.

К.Жумалиевдин сөзүнө караганда, автобус 26-мартта Бишкектеги Батыш автобекетинен Кашкарды көздөй жолго чыккан. Бекетте 16 адамга билет сатылган. 4 айдоочу болгон. Алардын экөөсү алдыда кеткен «Камаздардын» кезметтеги айдоочулары болгон. Жалпы өлгөндөрдүн саны 21 болуп жаткандыктан, автобуска билетсиз адамдардын отургандыгы анык болууда.

Маалымат жыйынына катышкан башкы прокурордун орун басары Рустам Исаевдин пикиринде, бул кылмышты жасагандар Кыргызстанга келип соода кылып, Кытайга кайтып бараткан соодагерлерде көп суммадагы акча бар экенин билишкен. Бул кылмыштын бетин ачыш үчүн өлкөнүн күч структураларынын жетекчилеринин орун басарлары жана тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирген топ түзүлдү. «Анын бетин ачуу биздин намысыбызды сактоого барабар», - деди Исаев. Башкы прокуратура Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренеси боюнча, киши өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Тышкы иштер министринин орун басары Жээнбек Кулубаевдин айтымында, бүгүн Кытай тарап 27-марттагы кылмыштын бетин тезирээк ачып, эмне болгондугу тууралуу маалымат берүү өтүнүчүн билдирди. Ушул эле күнү Кытайдын Кыргызстандагы элчисин тышкы иштер министри Аскар Айтматов кабыл алды. Анда Айтматов элчи аркылуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигине көңүл айтуу жиберди. «Эми өкмөттүн кытай жетекчилигине көңүл айтуусу даярдалууда. Кытай элчилигинин консулу окуя болгон жерге тергөө тобу менен кошо барды», - деди Кулубаев.

Ички иштер министринин орун басары Абдылда Суранчиевдин айтымында, тартип коргоо органдары кытай соодагерлерине куралдуу кароолду көп ирет сунуштаган. Бирок алар андан баш тартышкан. Кылмышты ким жасашы мүмкүн деген божомолдор бар экенин белгилеген Суранчиев, «ал уйгурлардын өздөрүнүн ичиндеги кармаш, экинчиси Казакстан, Кыргызстандагы кылмыштуу топтордун колунан келген иш болушу мүмкүн» деген оюн айтты. «Бирок мунун баары анык эмес. Баарын тергөө аныктайт», - дейт Суранчиев. Маалымат жыйынында кылмышкерлер автобустун ичинде болгонбу, же башка жактан келгенби, адамдар атылып өлтүрүлүп, андан кийин өрттөлгөнбү деген сыяктуу суроолорго жооп айтылган жок. Тартип коргоо органдары «баарын тергөө аныктайт» деген гана жоопту айтышты.

«Бул трагедияга байланыштуу чет мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу кандай болот?» деген суроого комиссия башчысы Кубанычбек Жумалиев минтип жооп берди:

- Чет мамлекеттерден келген жарандарга өзгөчө мамиле кылып, алардын коопсуздугун камсыз кылууга бардык аракеттерди жасоого тийишпиз. Ал үчүн биринчиден Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан чет мамлекеттерден келген жарандарды коргоо, алардын жашаган жерлерине сырттан байкоо салуу, бизге кандай максат менен келатканын, кайсы багытта, кимдер менен мамиле кылып жатканын аныктоо зарыл. Булардын баарын тактап, ошого жараша алардын коопсуздугун камсыз кылуучу иштерди жүргүзүшүбүз керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG