Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

Орусия АКШдан космос программаларын жандантууну суранууда


Маскөөнүн айтымында, эгер үстүбүздөгү жылдын аягына чейин АКШ өзүнүн космос чөлмөктөр программасын жандандырбаса, эмдиги жылы эл аралык космос программалары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Орусиянын Космос агенттигинин башчысы Юрий Коптевдин айтканына караганда, Орусия өзүнүн бардык милдеттенмелерин аткарды, бирок АКШ өз иштерин ылдамдатпаса, космостогу эл аралык станция план боюнча иштей албайт. Феврал айындагы кырсыктан жети астронавт каза болгондон кийин, АКШ өзүнүн космос программаларын убактылуу токтоткон.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG