Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:09

Багдад шаарынын базарындагы жарылуудан кеминде 30 адам набыт болду


28-мартта түштөн кийин Багдад шаарынын базарында ири жарылуу болуп, андан кеминде 30 адам курман болду жана дагы элүүдөн ашык киши жарат алды. Жарылуу коалициялык күчтөр шаарды катуу бомбалап жатканда орун алды, бирок ал америкалык же британиялык ракетадан болгондугу азырынча так белгисиз. АКШ аскерий жетекчилигинин айтымында, окуя азыр териштирилип жатат. 26-март күнү дагы башка бир базарда жарылуу болуп, андан 15 адам каза тапкан. Ирак өкмөтүнүн айтымында, ал жарылуу базарга америкалык ракета тийгенден келип чыккан, бирок коалициялык аскерлердин жетекчилиги аны мойнуна алган жок. Кечинде Кувейт шаарында да жарылуу болду, ага каршы Ирактан ракета атылганы мүмкүн, түнүчүн болсо Багдад калаасы жана түндүктөгү Мосул шаары катуу бомбаланды. Бир ракета Багдад шаарындагы маалымат министрлигинин имаратына тийди.

XS
SM
MD
LG