Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

САДДАМ ХУСЕЙН ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЖАНА КЕҢЕШЧИЛЕРИ МЕНЕН ЧЫГЫП КЕТСЕ, ИРАКТА ТЫНЧТЫК ТЕЗ ОРНОЙТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек «Ирак жергесинде тынчтыктын эртерээк орношу Саддам Хусейндин аракетине байланыштуу. Эгерде ал үй-бүлөсү жана кеңешчилери менен өлкөдөн чыгып кетсе, согуштук аракеттер токтотулат»,- дейт АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф мырза «Азаттыктын» кабарчысына берген интервьюсунда.

- Урматтуу элчи мырза, Иракта он чакты күндөн бери согуш жүрүп жатат. Ушул окуяга байланыштуу айтаар кандай ой-пикириңиз бар?

- Бул маселе боюнча эки нерсени айтып кетүү керек. Биринчиси - бул коалициялык күчтөр согуштун башталышынан бери ийгиликтүү аракеттенип жатышат. Экинчиси - согуш жүрүп жатканына карабастан тынч жаткан калктын жоготуулары өтө аз болду. Кээ бир учурларда коалициялык күчтөр өз жанына коркунуч туулганына карабай, тынч жаткан элдин бөөдө кыргынга кабылышына жол бербегенге аракет кылышууда. Катардагы жарандардын өмүрүн сактап калыш үчүн мындай мамиле кылуу Ирак армиясынын аракетине карама-каршы тактика болуп эсептелет. Себеби Ирактын Куралдуу Күчтөрү тынч жаткан калкты өздөрүнө калканч катары колдонуп жатышат. Ошондой эле кечээ Ирактын Басра шаарында жергиликтүү эл Саддам Хусейндин режимине каршы көтөрүлүшкө чыкты. Мен билбейм, азыр бул согуш дагы канчага созулушу мүмкүн экенин. Бирок менин ишеничимде бул согуштун жыйынтыгы катары 25 жылдан бери Ирак диктаторунун астында жашап жаткан ирак элине биз эркиндик тартуулай алабыз.

- Жаңыдан башталган согуш АКШга каршы жалпы мусулман калкынын нааразычылыгын күчөтүп жиберет деген кооптонуу жокпу сизде?

- Окуяга кичине артка кылчаюу менен карап көрсөк. Мындан бир жыл мурун коалициялык күчтөр Ооганстандагы талибандык режимди кулатыш үчүн сокку урду. «Талибан» өзү мусулман өлкөсүндө орун-очок алган кыймыл болгону менен мусулман дүйнөсүнөн колдоо тапкан жок. Бул окуяга мындай карап көрөлү: Саддам Хусейн ар убак Ирактын чыгышындагы мусулмандар менен согушуп келди. Саддам Хусейн Иран жана Кувейт сыяктуу мусулман мамлекеттерине каршы согуш жарыялаган. Саддам Хусейн ирактык курд улутундагы азчылыкка химиялык куралдардын жардамы менен кол салган. Азыр эми карап көрсөк мусулманчылыктын парздарын бузган ушундай кишини кайсыл мусулман колдошу мүмкүн?

- Согуш башталгандан бери көпчүлүк өлкөлөрдүн президенттери окуяга карата ачык пикирин билдиришти. Бирок, кыргыз президенти Аскар Акаевдин унчукпай турушун алыскы АКШ өкмөтү кандай кабыл алып жатат?

- Өткөн бейшемби күнү бул согушка карата кыргыз өкмөтү атайын билдирүү жасады. Кыргыз өкмөтү ал билдирүүсүндө ортодогу чатактын дипломатиялык жолдор менен чечилишине ынтызар экенин билдирди. Биз кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүн урмат менен кабыл алабыз. Бирок биздин оюбузча Саддам Хусейн менен алдын-ала сүйлөшүүлөрдө дипломатиялык жолдордун бардыгы колдонулду. Алардан эч майнап чыкпаган соң, күч колдонуудан башка арга калган жок. Бирок айтып кете турган нерсе - Америка Кошмо Штаттары менен кыргыз элинин, кыргыз өкмөтүнүн мамилелери аябай терең жана достук мамилеси мыкты. Ошондуктан кээ бир маселелер боюнча көз караштардын туш келбестиги, биздин ортобузда узактан берки калыптанган мамилеге тетири таасирин тийгизиши мүмкүн эмес.

- Айрым өңүттөн караганда Кыргызстандын көпчүлүк калкы окуянын жүрүшү менен орусиялык маалымат булактары аркылуу гана таанышып жатышат. Маалымат мейкиндигиндеги мындай абал келечекте өзүнүн тескери таасирин тийгизбейби?

- Албетте, жергиликтүү эл Иракта болуп аткан окуя тууралуу бир тараптуу гана маалыматка ээ болуп жатат. Мен өзүмдүн мисалымда, эгер маалымат алыш керек болсо ар кандай маалымат булактарын пайдаланам. Мен америкалык, же европалык, же жергиликтүү кыргыз маалымат кызматтарынын билдирүүлөрүн угуп көрүп, ошондон кийин өзүмдүн ой-пикиримди калыптандырам. Ар бир киши ушундай мүмкүнчүлүккө ээ болуш керек. Менин оюмча «Азаттык» радиосу өзүнүн угармандарына эң объективдүү маалыматтарды тартуулап турат. Жергиликтүү калк ушундай ар кыл массалык маалымат каражаттары тараткан маалыматты пайдаланса жакшы болмок. Алар «Азаттык», же европалык, же орусиялык, же жергиликтүү кыргыз маалымат каражаттары окуяны кандай чагылдырат - ошого жараша өз бүтүмдөрүн чыгарышса дурус болмок.

- Ирактагы окуяга байланыштуу калыс маалыматты Кыргызстандын элине жеткириш үчүн элчилик мындан ары кандай аракеттерди жасашы мүмкүн?

- Буга жооп катары, биринчиси - бул менин силердин радиоңорго берип жаткан интервьюм. Ошондой эле элчиликтеги коомчулук менен байланыш бөлүмү жергиликтүү массалык маалымат кызматттарына АКШнын окуяга карата расмий көз карашын чагылдырган маалыматтарды таратып турат. Буга чейинки суроого жооп берип кеткендей, мен дагы бир жолу кайталап кетким келет: ар бир адам ар түрдүү массалык маалымат кызматтарын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү болуш керек. Ошондо гана ал өзүнүн эч кимге көз карандысыз пикирине ээ болушу мүмкүн.

- Канткенде согушту узакка созбой, эртерээк Ирак жергесине тынчтык орнотсо болот?

- Менимче бул маселени чечиштин эң оңой жолу - Саддам Хусейн, анын үй-бүлөсү жана анын кеңешчилери Ирак мамлекетинен чыгып кетиши керек. Ошондой эле жогоруда айтып кеткендей, Басра шаарында башталган көтөрүлүш менимче акыр-аягы Саддам Хусейндей болгон диктатордон кутулуунун үмүт отун жандырды окшойт. Менин дагы бир ойлогон нерсем, ушул согуштан кийин эгер биздин баштаган ишибиз ийгиликтүү болуп, Иракта жайгашкан массалык кыргын салуучу куралдарды жоготууга жетишсек, анда бүткүл региондогу тынчтык жана стабилдүүлүк бир топ даражада өсөт деп ойлойм. Биздин эң негизги максатыбыз - бул согушту кыскараак мөөнөттө жана азыраак кан төгүү менен бүтүрүү. Ошондой эле Ирактын элине тынч жана бейпил турмуш тартуулоо.

- Бизге маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG