Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:39

ИРАК СОГУШ ЭРЕЖЕЛЕРИН БУЗУП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Байкоочулар экинчи жумага аяк баскан Ирак согушунда согуш эрежелерин одоно бузууга жол берилип жаткандыгын айтып жатышат. Ушул жуманын башында Ирактын мамлекеттик телевидениеси колго түшкөн америкалык солдаттардын суракка алынып жатканын, курман болгон солдаттардын сөөктөрүн көрсөттү. Саясий байкоочулар Ирактын мындай кылганы дүйнө калкынын Ирак согушуна болгон көз карашын өзгөртүп, АКШ менен Британиянын тарапкерлерин көбөйтөт деген пикирде.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын командачысынын орун басары генерал Петер Пэйс CNNге берген маалыматында Ирак аскерлеринин буктурмасында калып, туткунга түшкөн бир нече америкалык солдат өлтүрүлгөнүн билдирген. Ал сыягы өткөн аптанын соңунда америкалык аскерлерге керектүү ок дары жана азык-түлүк жеткирип баратып, буктурмадан жасалган кол салууда колго түшкөн ончакты америкалык солдатты айтып жатса керек.

Ирак телевидениеси бул жоокерлердин суракка алынып жаткандыгын көрсөткөн. Алардын бирөө ал тургай жарадар эле. Ирак телеси ошондой эле бүткүл дүйнөгө колу-буту үзүлүп, канга бойолгон америкалык солдаттардын өлүктөрүн да көрсөткөн. Женева конвенциясы боюнча душмандын өлүктөрүн сүрөткө тартып коомчулукка жар салууга жана туткундардын суракка алынып жатканын көрсөтүүгө тыйуу салынган.

Ирак тарабы бул эрежелерди бузбай карманып жатканын билдирет. Ирактын БУУдагы өкүлү Мохаммад ал-Дури мындай дейт:

- Биз эл аралык гумантирдык эрежелерди, Женева Конвенциясын урматтайбыз жана согуш туткундарына конвенцияга жараша мамиле кылабыз.

Америкалык аскер жетекчилик тараткан дагы бир билдирүүдө Ирактын күчтөрү госпиталдарды душманга чабуул койуу жана душмандын огуна жооп кайтаруу үчүн калканч жай катары пайдаланып жатышканы маалымдалат. Андай окуя ушул жумада Ирактын түштүгүндөгү Насирияда болгон. Америкалык тараптын айтымында, душманга ок ачуу үчүн буктурма катары пайдаланылган госпиталда 170тей ирактык солдат колго түшүп, танкалар, каруу-жарактар жана химиялык куралдар менен коргоочу костюмдар олжолонгон. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктаган жок.

Пентангондун өкүлү Виктория Кларк мындай дейт:

- Ирактын күчтөрү госпиталдарды АКШнын аскерлерине ок ачуу үчүн пайдаланышкан. Согуш учурунда госпиталдар ооруган жана жарадар болгон адамдардын ишенчиликтүү баш баанеги болуп эсептелет. Имарат кызыл чырымдын же кызыл айдын эн белгиси менен даана белгиленүүгө тийиш. Андай белги ар кандай кол салуудан каластап калат.

Кларк сөз кылган эреже согуш эрежелеринин 9-пунктунда жазылган.

Ошону менен катар коалициялык күчтөр Иракта карапайым адамдардын кийимин кийген кишилер менен согушууга мажбур болуп жатышканын маалымдашат. Эреже боюнча согушкан адам аскердик кийим кийип, куралын көрүнөө алып жүргөнгө милдеттүү. Коалициялык күчтөргө айрым учурда дал ошондой жөнөкөй кийим кийген адамдар чабуул жасап жатканын белгилеген америкалык тарап, бул топтор карапайым калктын арасында сиңип кеткен туруктуу аскерлер болушу мүмкүн деп божомолдошот.

Женева конвенциясына ылайык карапайым кишилерге кол салуу согуш кылмышы болуп эсептелет жана андай кылмыш үчүн күнөөлүү адамдар сотто жоопко тартылат.

Маалыматтарга караганда Иракта карапайым кишилердин кийимин кийип алып, согушуп жаткан топтордун бир нече түрү бар. Алардын бири - федаиндер. Ирактын бийлик төбөлдөрүн коргоо максатында түзүлгөн жан кечти федаиндерди президент Саддам Хусейн режимге каршы баш көтөргөн адамдарды жазалоо үчүн пайдаланган. 40 миңдей кишиден турган федаиндердин бөлүктөрү азыр карапайым кишилердин кийимин кийип алып, душманга капилет кол салып жатканы маалымдалат. Согуш башталганга чейин Иракта Баас партиясынын мүчөлөрү менен режимдин башка ишенчиликтүү кишилерине курал таратылып, элдик кошуун тобу түзүлгөн. Андан сырткары калк арасында эли-жерин коргоо үчүн өз ыктыяры менен курал алган жүздөгөн атуулдар да бар. Аналитиктер Ирак өкмөтү партизандык тактикага кеңири масштабта өтүп, ошондой куралдуу топторду кеңири пайдаланышы ыктымал экенин айтып жатышат. АКШнын аскердик жетекчилиги мындай тактиканы кескин сынга алып жатат. Лондондук серепчи Даниэл Плэш андай болгондо курал алып жүргөн баардык топтор согуш эрежелерине баш ийүүгө милдеттүү деп билдирет.
XS
SM
MD
LG