Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

9-КЫЛЫМДЫН БИРИНЧИ ЖАРЫМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ-УЙГУР МАМИЛЕЛЕРИ


Кыргыз тарыхынын эң бир элестүү мезгили Улуу дөөлөт (держава) учуруна туш келет. Кыргыз башкаруучусу жетектеген мамлекет саясий жана согуштук жактан дурус өнүгүп, жыйынтыгында Борбордук Азиядагы кубаттуу мамлекетке айланган. Бүгүнкү кеп 840-жылга чейинки кыргыз-уйгур мамилеси туурасында болмокчу.

9-10-кылым аралыгында Борбордук жана Ички Азиянын геосаясий картасы болуп көрбөгөндөй өзгөрүүгө дуушарланды. Эски мамлекеттик түзүлүштөр кыйрап, алардын ордуна жаңы саясий бирикмелер, этникалык курамдар пайда болду. Кытай дареги боюнча «уйгурлар алсырай баштаганда эле, Ажо өзүн хан, теги түргөш жесир энесин - ханыша, карлук элинин кызы, өз аялын ханайым деп жарыялаган. Буга нааразы болгон уйгур ханы кол башчысын кыргыздарга каршы жиберген. Бирок уйгур жортуулу ийгиликсиз аяктаган». Жазма дарек маалыматы боюнча, кыргыз ханы жыйырма жыл бою уйгурларга каршы согуш жүргүзгөн.

Кытай жазма булагы так маалымдагандай, 840-жылга чейин кыргыз-уйгур согушу 20 жылга созулган. Ал эми Ажосунун энеси түргөш, аялы карлук экендигин эске алсак, анда Кыргыз каганатынын тышкы саясий байланышы, илимий көз карашта кабыл алынган уйгур басып алуу мезгилинде деле үзүлбөгөндүгүн баамдайбыз.

Кыргыз каганаты дайым Даши, Тибет, карлуктар менен достук байланышта болушкан. Ал эми тибеттиктер болсо уйгур баскынчыларынан чочулашып, кыргыздарга катташ үчүн карлуктардан сакчы алышкан.

Жазма булак баяны айгинелегендей, 820-жылга чейин же башкача айтканда, 20-жылдык кыргыз-уйгур согушу башталганча, кыргыздар тибет, карлук, түргөш жана Орто Азиялык мамлекеттер менен мамилелеш болсо, ал эми Уйгур каганатынын тескерисинче кубаты кайта баштаган.

Кытай маалыматтарына ылайык яглакар уруусунун өкүлү Баои-каган 808-жылы такка отургандан баштап Уйгур каганатынын күчү кайткан. Баои-хан «Ай Теңгриде Кут Алп Билге каган» даражасы менен 821-жылга чейин бийлик жүргүзгөн. Кытай дареги кабарлаган уйгур-кыргыз согушу 20 жылга созулганын эске алсак, анда айыгышкан күрөш Баои – кагандын башкаруу мезгилине туш келет.

Баои кагандын бийлигинин акыркы жылдарына чек ара аймактардын башкаруучулары каганга каршы көтөрүлүш чыгарышкан. Баои – кагандан кийин бийликке келген Чун дэ каган (821-824), Чжао ли каган (824-832), Чжань-синь-каган (832-839) өз ажалынан өлбөй, так талаш айынан киши колдуу дүйнөдөн кайтышкан.

Жазма булак кабарларына караганда, уйгурлар менен созулган 20 жылдык согушту кыргыз Ажосу жетектеп, акыры аны өтөсүнө жеткизген. Кыргыз каганынын 847-жылы дүйнөдөн кайтышын эске алсак, анда 820-жылга чейин бийликке келген кыргыз каганы кыйла жаш жана ийкемдүү саясатчы экендигин эске алуу зарыл.

Уйгурлар менен узакка созулган таймашта жеңи чыгарына көзү жеткен Кыргыз каганы уйгур башкаруучусуна төмөндөгүдөй мазмундагы кат жөнөткөн: «Сенин жашооң бүттү. Мен жакында алтын ордону ээлеп, анын маңдайына атымды байлап, туумду саям. Эгерде мени менен таймашууга чамаң келсе анда тез кел, анте албайт экенсиң, анда тез кеткин».

Уйгур каганынын кыргыздар менен согушууга чама-чаркы келген эмес. Кытай министри Ли Дэюйдун белгилөөсү боюнча, уйгурлар кырсык сазына батып, жыл санап жут күчөдү. Көп сандаган мал өлүп, айылдар ээн калып, үй- жайсыз адамдар чөлгө качып, өлгөндөрдүн сөөгү талаа бетине толгон. Табияттын катаал сыноосу менен бирге башкаруу бийлигинде кризис күч алып, айрым уруу башчылары душмандарын так талашты чечүү үчүн жардамга чакыра башташкан.

839-жылы министр Курабир шатолордун жардамы менен эдиздер койгон Хуну каганды бийликтен кулатат. Бул жылкы саясий жагдайды япон окумуштуусу Т.Абэ менен новосибирлик илимпоз А.Г.Малявкин каганаттагы уйгурлар менен эдиздердин жаңжалы катары баалашат. Эдиздер өз кезегинде кыргыздарга ыкташат. 839-жылы Уйгур каганатында болуп көрбөгөндөй жут жүрүп, оору каптап, сонунда калың түшкөн кардан мал кырылган. Ордодо башаламандык башталат. Ошондо эдиз уруусунун башчысы Күлүг – бага кыргыздарды жардамга чакырат. Ал кыргыздардын 1000 000 атчан колуна кошулуп, уйгур борбору Ордо – Балыкка (Хара-Балгас) кол салат. Уйгур каганы Деле согушта шейит кетип, Курабир (Гюйлуфу) курмандыкка чалынган.

Ажонун жеке көзөмөлдөөсү менен уйгур каганынын шаарчасы, ханышанын сарайы өрттөлгөн. Ажо уйгур башкаруучусунун байлыгын ээлеп, Ехай-хо ханышаны туткунга алып, конушун Лао-шань тоосунун түштүгүнө которгон, деп айтылат кытай жазма булагында. Лао-шань тоосунун дагы бир аталышы Думань делип уйгур ордосунан 15 күндүк ат жүрүш алыстыкта жайгашкан. Уйгур ордосу болсо, Орхон дарыясынын түштүк жээгинде, Эрдени-цзудан түндүккө карай 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Археологиялык табылгалар Орду-Балык менен анын чет жакасы кыргыздар тарабынан кыйратылганын айгинелейт.
XS
SM
MD
LG