Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Укук коргоо кыймылы конференция өткөрөт


Кыргызстандын укук коргоо кыймылы апрелде кезектеги конференциясын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун маалымдады. Анын айтымында, конференция төраганын эки жыл ичинде аткарган иши боюнча отчетун угуп, төраганы, кыймылдын башкармалыгынын жана аткаруу комитетинин мүчөлөрүн кайра шайлайт. Кыймылдын 2 миң чамалаш мүчөсү бар. Ал алгачкы ирет каттоодон 1992-жылы өткөн. Ар кандай себептер менен 1995-, 1999-жылдары уюмду жоюу маселеси көтөрүлүп, бирок, тыюу салуучу жагдайлар болбогондуктан, кыймыл ишин улаган. Үчүнчү ирет аны жоюу маселеси төраганын орунбасары Мелис Арыпбек уулу баш болгон башкармалыктын айрым мүчөлөрү тарабынан көтөрүлгөн. Бирок, алардын демилгеси менен быйыл 7-февралдагы конференцияда кыймыл мүчөлөрү жетиштүү добуш топтой албай калган. Башкармалыктын айрым мүчөлөрү кыймылды жоюу маселесин көтөрүүдө Турсунбек Акундун кыймыл мүчөлөрү менен макулдашпай саясий иштерге аралашып уставды бузуп жаткандыгы тууралуу негиздемеге таянышкан.

XS
SM
MD
LG