Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Курултай Мырзакеде өтүшү ыктымал


«Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылы июль айында Өзгөн районунун Мырзаке айылында элдик үчүнчү курултайдын экинчи этабын өткөрүүнү көздөп жатат. Мындай чечимди кыймыл бүгүн өткөн кезектеги отурумунда кабыл алды. Отурумда курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, курамына кыймылдын төрага орунбасарлары Турсунбек Акун, Болот Шамшиев, мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаттары Бектур Асанов менен Дүйшөн Чотонов киришти. Курултайда каралчу маселелер тууралуу кыймылдын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров: «Курултайда биринчи, экинчи курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча төрт доклад болот. Экинчи, чоң программа иштеп чыктык. Ошону үчүнчү курултайда кабыл алабыз, элге бекиттиребиз. Андан кийин 2-февралда өткөн референдумдун жыйынтыгы жана Кыргызстандагы саясий кырдаал боюнча маселе каралат», деп билдирди.
Бекназаровдун айтымында, июлга чейин Өзгөн, Каракулжа шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутатты шайлоо күнү белгиленип калса, курултайдын мөөнөтү өзгөрүшү ыктымал. Мындай жагдайда курултай шайлоо болчу күнгө белгиленет. Төраганын билдиришинче, курултайга расмий бийликтен өзгөчө уруксат суроонун зарылдыгы жок, бирок, бардык бийлик бутактарына иш чара тууралуу алдын ала маалымат берилет.
Ушул эле отурумда кыймылдын структурасы жана жобосу бекиди. Кыймылга 11 саясий партия, төрт коомдук уюм жана бир катар саясатчылар мүчө.

XS
SM
MD
LG