Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58
Бүгүн ички иштер министринин орунбасары Расулберди Раимбердиев жана аталган министрликтин тергөө бөлүмүнүн башчысы Макен Турдугулов Нарын облусундагы кытайлык автобустун өрттөлүшү тууралуу иликтөөнүн алдын-ала жыйынтыктары менен тааныштырышты.
Раимбердиевдин айтымында, каза болгондорду медициналык экспертизадан өткөргөндө алты адамдын сөөгүнөн автоматтын огунун изи аныкталып, бир сөөктөн октун коргошуну алынган. Ошондой эле кырсык болгон жерден атылган автоматтын огунун 22 кабы, үч кол саат жана башка күйбөй калган буюмдар табылган. Каза болгондордун биринин сааты түнкү саат төрттөн он беш, экинчисиники он минут өткөндө токтогон. Мына ушуга караганда, окуя түнкү саат төрт менен бештин ортосунда болгон. Автобустун ичинде каза болгондорду тоноп, өлтүргөн кылмышкерлердин өкүлү болгон деген жоромол чындыкка жакын. «Катуу кетип бараткан автобус эл жок жерде эч кимге токтобойт», дейт Расулберди Раимбердиев. Азырынча 20 жаран кытайлык, ал эми бир адамдын кайсыл өлкөнүн жараны экендиги аныктала элек.
26-марттан 27-мартка караган түнү Нарын облусунун Кочкор районунан анча алыс эмес жерде Бишкек-Кашкар багытында эл ташыган автобус белгисиз бирөөлөр тарабынан өрттөлүп, 21 адам каза болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG