Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Украина Кыргызстанга карызын кайтарат


Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаевдин Украинага иш сапары 28-мартта аяктады. Премьер-министр Бишкекте «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген бүгүнкү маегинде иш сапардан жакшы жыйынтык менен кайтканын билдирди. Анын айтымында, 27-мартта кызматташуу боюнча Кыргызстан-Украина өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын кезектеги отуруму Киевде өкмөт башчыларынын катышуусунда өткөн. Отурум эки өкмөт ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү негизги маселе катары карап, анда Украина өкмөтү 1992-93-жылдан калган 28 миллион долларга жакын карызын төлөп берүүгө макулдугун берди. Макулдашууларга ылайык Кыргызстан тарап бир айдын ичинде өз сунушун берет, анын негизинде Украина өкмөтү мындан аркы аракетин аныктайт. Премьердин маалыматына караганда, карыздарды Украина өкмөтү кызмат көрсөтүү, техникалык же башка жабдыктарды берүү жолу менен төлөшү ыктымал.
Отурумда Майлысуудагы электр лампасын чыгаруучу заводдун продукциясын сатууга тоскоолдук кылган бажы тарифи да каралып, аны алып салуу чечими чыкты. 2002-жылдын 19-июнунда Украина өкмөтү заводдун продукциясына 51,5% бажы тарифин киргизип, аны 2002-жылдын декабрындагы сүйлөшүүдө 38,5% азайткан. Кыргыз өкмөтүнөн алынган маалыматка караганда, Майлысуу электрлампа заводунун продукциясы Кыргызстандын Украинага экспортунун 20 пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG