Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

БИШКЕК-ТОРУГАРТ КАНЖОЛУНДАГЫ КАЛАБА


27-мартта Нарын облусундагы Сарыбулак деген жерде болгон кайгылуу окуя тартип коргоо органдары тарабынан иликтенүүдө.

26-марттан 27-мартка караган түнү Бишкек-Торугарт жолунун 260-чакырымында 21 бир адамдын өмүрүн алып кеткен трагедияны тартип коргоо органдары иликтөөдө. Иликтөөнүн жүрүшү боюнча 29-мартта ички иштер министринин биринчи орунбасары Расулберди Раимбердиев маалымат берди. Анын айтымында, жума күнү Бишкекке алынып келинген 21 сѳѳктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү жүргүзүлүүдө. Алгачкы иликтѳѳнүн натыйжасында мына булар аныкталды: “Алдын- ала маалымат боюнча, соттук-медициналык кароо учурунда 6 сѳѳктѳн октун тагы аныкталды, - деп маалымдады Расулберди Раимбердиев. - Бир денеден ок алынды. Ал экспертизага жиберилди. Кырсык болгон жерди иликтөөдөн автоматтын 22 атылган огу, үч кол саат табылды. Алардын экөөсү түнкү 4төн 15 минута өткөндө, бирөөсү 4төн 10 минута өткөндө токтоп калган. Саат өрттүн ысыгынан токтоп калса керек. Андан сырткары сөйкөлөр, темир тыйындар, топчулар алынды. Булар ошол күйүп кеткен адамдарга таандык болсо керек. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн Башкы прокурор, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы жана Ички иштер министри биригип план түзүштү. Тергөөнү жүргүзүү Ички иштер министрлигинин тергөө жүргүзүү боюнча башкы башкармалыгына жүктөлдү».

Р.Раимбердиевдин айтымында, учурда бул кылмышты кимдер жасашы ыктымал деген суроонун үстүндѳ иштешүүдѳ. Азырынча андай шек менен эч ким кармала элек. Кыргызстандын Ички иштер министри Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан министрлерине кайрылып, кылмышты ачууга көмөктөшүүнү суранды.

Раимбердиевдин маалыматы боюнча, акыркы 10 жылдын ичинде мына ушундай 10 кылмыш жасалып, анын экөөсү гана ачылбай калган. Маселен 1996-жылы Атбашы районунда эки кытай жаранына кол салынып, алардын 60 миң доллары алынган. Бишкек-Торугарт жолундагы Кубакы белинде да кытай жарандары түшкөн жеңил автомашинага кол салуу болуп, алардын 58 миң доллары алынган. Эки кылмышты тең кыргыз жарандары жасаган. Кылмышкерлер табылып, соттолуп камалган.

«Бул ирет жасалган кылмыш да соодагерлердин акчасын алуу үчүн жасалган деген божомол бар», деди Расулберди Раимбердиев. Анын айтымында, каза болгон 21 адамдын 16 уйгур улутундагы, 3 кытай, калгандары өзбек же башка улуттагы адамдар болушу ыктымал. Алардын ичинде канча аял бар экени белгисиз. Анткени денелер өтө күйүп кеткендиктен алардын кимдигин аныктоо кыйынга турууда.

Кытайдан келген соодагерлер көбүрѳѳк соода кылуучу Бишкектеги «Мадина» базарынын башчысы Турсунтай Салимов мындай дейт: «Муну каракчылар жасады деп турабыз. Каза болгондор ичиндеги төрт киши биздики. Беш киши «Дордой», «Жунхай» , «Жибек жолу» базарынан чыккан . Калгандары жүргүнчүлөр, бир адам Меккеден келаткан экен. Бул кылмышты эми ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Биз ким жасаганын билбейбиз».

Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» уюмунун өкүлү Шамшидин Абдулахим Кытайдан келген уйгурларды тааныбастыгын, анткени алар менен байланыш түзүү татаалдыгын айтып, анын себебин минтип түшүндүрдү: «Алар биз менен байланыш түзгөндөн коркот. Аларга коомдук уюмдар менен байланыш түзгөнгө, саясий көз карашын айтканга кытайлар тыйуу салган. Аларга эркиндик берилген эмес».
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG