Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:20

Анкара 200дөн ашуун адамды салган самолетту барымтага алып, грек полициясынын колуна түшкөн барымтачыны Түркияга өткөрүп берүүнү өтүндү


Түрк өкмөтү бүгүн эртең менен Грециянын борбору Афиныга конгон самолетто барымтага алынган жүргүнчүлөрдү бошотуу жана барымтачыны колго түшүрүүдө Түркиянын премьер-министри Рэжеп Тайип Эрдоган грек полициясына жардам көрсөткөнүн белгилейт. Кечээ кечинде Стамбулдан Анкарага учуп бараткан самолетто 20 жаштагы жигит денесине жардыргыч заттарды байлап алганын эскертип, 200дөн ашуун кишини ташып бараткан учакты Берлиндеги Тегел аэропортуна кондурууну талап кылган. Ал телефон аркылуу Түркиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшкөн соң май куюп алыш үчүн самолетту Афиныдагы аэропортко кондурууга көнүп, ал жерде полициянын колуна түшкөн. Анкаранын өкүлдөрү самолетту айдай качкан жигит террорчул уюмдарга тиешеси жок, тек гана жеке турмушундагы кыйынчылыктардан улам көңүлү чөгүп, депрессияга алдырган деп түшүндүрүштү.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG