Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Түндүк Корея келечекте Ирактын тагдырына туш болбош үчүн армиясын күчтөндүрөөрүн жарыялады


Ушул максатта Пхеньян мындан ары эл аралык коомчулуктун өлкөгө курал-жарак инспекторлорун киргизүү, ошондой эле куралсыздануу жөнүндөгү талаптарын аткарбайт. Түндүк Кореянын мамлекеттик гезитинде жарыяланган Жумушчулар партиясынын билдирүүсүндө азыркы тагдырга Ирак улам бир чегинүү, артка тартуудан улам туш болгону айтылат. Ушул аптада өлкө парламенти коргонуу тармагына бюджеттик чыгымдарды көбөйтүү маселесин жактырган, бүгүнкү билдирүүдө Түндүк Кореянын бийликтери үчүн эң башкысы – армия экени белгиленет. Жума күнү АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушкан Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасын токтотуш үчүн Вашингтондон бул маселеде ийкемдүү болууну өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG