Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

Ишембиде Тажикстан, Ооганстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарында жер силкинди


Рихтердин таякчасы боюнча күчү 4,5 баллга жакын жер титирөөнүн эпицентри тажик борбору Душанбеден 256 чакырымдай түштүк тарапта орун алган. Тажикстан менен Ооганстандын өкмөттөрү азырынча зилзаланын кесепеттери тактала элегин билдиришти. Өзбекстандын башкалаасы Ташкенде жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгы эч кандай зыян алып келбегенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG