Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:07

Ирактагы согушка каршы демонстрациялар бүгүн Европа, Азия, Африкада болуп өттү


Германиянын Штуттгарт шаарында чогулган миңдеген демонстранттар бул жердеги АКШнын Европадагы аскерий штабынын имаратын курчап турушту. Франкфурттагы башкы стадионго жыйналган 1000дей адам анын жанындагы АКШнын аба базасы тарапка бурулуп алып: "Үйүңөргө кеткиле!" деп кыйкырып жатышты. Афиныда миңдеген адамдар катышкан демонстрация "Биз согушту токтотобуз!" деген ураан алдында өттү. Алар Грециянын борборундагы "Макдоналдс" ресторандарынын терезелерине кызыл сыр чачып өтүшкөн. Түштүк Кореянын борборунда жыйналган 2000дей демонстрант АКШнын желегин өрттөп, америкалык элчиликке бараткан жолдо полиция менен кагылыша кетти. Вьетнамда чогулган 150дөй студенттер, Түштүк Африкадагы нааразылык акциясына келген миңдеген адамдар антиамерикалык плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG