Пентагондун өкүлдөрү Ирактын түштүк тарабындагы АКШ аскерлеринин кайгуул жайына машинесине бомба коюп алган жанкечти кол салганын ырасташты. Ал жердеги америкалык 3-дивизиянын 1-бригадасынын командири Эндрю Валлас кол салуудан АКШнын 4 аскери курман болгонун маалымдады. Анын айтымында, кайгуул жайга жакын жерге таксисин токтото калып, жардам сурап кол булгаган адамга аскерлер жакындап барганда, машинедеги бомба жарылып, жанкечтини кошкондо беш адамдын өмүрү кыйылган.