Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Сауд Арабиясы өз аба мейкиндиги аркылуу Иракка ракеталык чабуул коюлушун каалабайт


АКШнын аскерий командачылыгы Сауди жетекчилиги өлкө аймагына бир нече ракета түшүп-жарылганына байланыштуу мындан ары Иракка ракеталык сокку урууда Сауд Арабиянын аба мейкиндигин пайдаланууну токтотууну суранганын билдирди. Америкалык генерал Виктор Ренуарт жаңылыш түшкөн ракеталардан Сауд Арабиясында адамдарга, же имарат-мүлккө зыян келтирилбегенин белгилей кетти: "Сауд Арабиясына биздин бир нече ракеталарыбыз түшкөнү чын, андан улам Сауди жетекчилиги бул окуяларды дыкаттык менен териштирүүнү өтүнгөн". Генерал Ренуарт андан ары азыр проблеманы чечүү боюнча эр-Рияд менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Сауди бийлиги макул болсо, Кызыл деңиздеги согуштук кемелерден ракеталык соккулар жандантылаарын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG