Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Коалициялык күчтөр Ирактагы тандалма объекттерге абадан сокку урууну улантууда


Ал учурда америкалык командачылык жөө аскерлер жаңы күч, согуштук техника менен бекемделгенче, Багдадды көздөй басышта бир аз тыныгуу алынганын маалымдады. Таңга маал ракеталык чабуул коюлган Ирактын маалымат министрлигинин имараты талкаланып-бүлүндү. Америкалык командачылык Нежеф калаасынын чет жакасындагы Ирактын Республикалык гвардиясы менен салгылаштарда кеминде 50дөй ирактык жоокер набыт болгонун айтат. Ирактын маалымат министри Сайид Ал-Сахаф өткөн түнкү бомбалоодон 62 карапайым адам шейит болгонун, алардын 58и бүгүн таңга маал бомбаланган Багдаддагы базарда мерт болушканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG