Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:41

КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САЛЫГЫ КАЛК ТУРМУШУНА КАНДАЙ ТААСИР ТИЙГИЗЕТ?


Кыргызстан парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 28-мартта Салык кодексине өзгөртүү киргизди. Ага ылайык мындан ары кыймылсыз мүлккө салык салынат. Коомдо бул салыкка карата карама-каршы көз караштар пайда болуп, калктын калың катмарын дагы жакырлантууга алып барат деген ойлор айтылууда.

Кыймылсыз мүлк салыгы мыйзамына эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны макулдугун бериши керек. Андан соң мыйзамга президент кол койсо Кыргызстандагы шаар, шаарча жана курорттук аймактарда кыймылсыз мүлккө салык салынат. Салык салуу жергиликтүү кеңештердин чечими менен киргизилип, наркы 500 миң сомдон ашкан жеке менчик турак үйлөргө 0,35%, укуктук жактарга тиешелүү жайларга 0,95% салык салынат. Ал эми салык салынбай турган жайлардын тизмесин өкмөт түзүп, ал парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилет. Мыйзамды кабыл алууга демилгечи болгон өкмөттүн өкүлү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, алынган салык толук бойдон жергиликтүү бюджетке калат:

- Бул, биринчиден, Конституцияга ылайык киргизилди. Референдумда демократияны өнүктүрүү боюнча Конституцияга көп нормалар кирди. Конституцияда жергиликтүү бийликке саясий укук берилгенден кийин ага экономикалык да укук бериш керек. Эл шайлап алган жергиликтүү бийлик элдин мүдөөсүн чечиши керек. Элдин мүдөөсү деген эмне? Бул жашоо шартын жакшыртуу, көчөнү таза кармоо, мончо, жарык берүү деген сыяктуу ар бир адамдын турмушуна зарыл шарттарды ошолор түзүп бериши керек. Ал үчүн каражат керек. Ошондуктан кыймылсыз мүлккө салык салуу тууралуу чечим кабыл алынган. Дүйнө жүзүндө мамлекет мындай маселелер менен алпурушпайт. Ошон үчүн дүйнөдөгү 130тан ашык мамлекетте кыймылсыз мүлккө салык салынган.

Ал эми мыйзамды кабыл алууга каршы болгон мыйзамчы депутаттардын бири Ишенбай Кадырбековдун айтымында бул салык калкты ого бетер жакырлантууга алып барат:

- Салык салуунун бир гана негизи бар. Ал адамдын кирешеси. Адам алган кирешесин мамлекет менен бөлүшөт. Жашап турган үйгө салык салуу-бул салык алуунун табиятын бузуу. «Чет өлкөдө ушундай салык бар» -деп айтып жатышат. Чет өлкөдө мындай салык болгону менен биздегидей башка салыктар, мисалы, жолго, кошумча наркка салынуучу жана күтүүсүз кырдаалдар үчүн алынган салыктар жок. Бул салыктарды жойбой туруп салыктын жаңы түрүн киргизүү –бул Кыргызстандын келечегине, экономикасына балта чабуу менен барабар. Адам өз акчасына, өзү тапкан каражатына үй салып, жашап атса анан ошого салык төлөтүү туура эмес. Анан үй ээсинин салыкты төлөөгө кудурети жетпей калса үйүнөн ажырап калуусуна шарт түзүлүүдө. Бул бара-бара Кыргызстанды саясий кризиске алып барышы толук мүмкүн.

Ишенбай Кадырбековдун айтымында, салык ишкерлерге да бут тосот:

- Ишкерлердин акчасы жок ишканалар өнүкпөй жатты эле…Эми имараттарына да салык салына баштаса кредит ала албай, айлантууга каражаты жок болот. Демек, мындай кырдаалдан чыгуу үчүн ишкерлерде бир гана жол-Кыргызстандан кетүү же салык төлөбөө үчүн имараттарын талкалоо жолу калат. Эгер ушундай болсо кандай экономика тууралуу сөз болушу мүмкүн?

Ал эми «Жаш ордо» жаштар борборунун жетекчиси Шамил Шаршек уулу бул салык жаңыдан ирденип келе жаткан жаштарга начар таасир тийгизиши мүмкүн деген ойдо:

- Жаш үй-бүлөөлөр көп. Жаңы үйлөнүп, Бишкектин четинде жаңыдан үй куруп жаткан жаштар бар жана жалаң жаштар жашаган микрорайондор пайда болуп жатат. Ошол жакта жашаган жаштар салыкты кандай төлөйт, аларга залакасы тийбейби? Бул маселе терең иликтөөнү талап кылат. Кыймылсыз мүлккө салык салынып жаткандан кийин калктан алынып жаткан башка салыктар жоюулушу керек.

Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет төрагасынын кеңешчиси Токтогул Какчакеевдин пикири боюнча бул салык коомду алга өнүктүрүүгө түрткү болот:

- Кыргызстан мамлекетке салыкты кайдан, кимден алыш керек? Ошонун бир жолу катары кыймылсыз мүлккө салык салынууда. Менин оюмча, салык колунда бар адамдарга кыйынчылыгын тийгизбейт,төлөшөт. Ал эми колунда жок, кембагалдардан салык алынбайт. Ошондуктан, бул рынок экономикасына ылайыктуу, талабына жараша жасалып жаткан иш. Муну канчалык эрте киргизсек ошончо жолубуз болот.
Бул салыктын киргизилиши менен коомдо коррупцияны өркүндөтүүчү дагы бир жол ачылды, ал мүлктү баалоо деген көз караштар пайда болду. Андай көз караштагылардын пикири боюнча «мүлктү өкмөттүк жана көз карандысыз комиссия баалайт» деп мыйзамда жазылган менен өң-тааныштык жолу аркылуу мүлктү арзан баалатуу аракети күч алат. Ал тууралуу Ишенбай Кадырбеков:

- Эң чоң коррупцияга негиз берет. Мисалы, өкмөттүн комиссиясы түзүлдү деп коелу. Салыкты аз төлөө үчүн ага пара берет дагы «Баасын кичирейтип бер» -дейт. Алар кичирейтип берет. Себеби, бер жактан акча түшүп жаткандан кийин өздөрү кызыкчылыкта болушат. Муну менен мамлекеттик казынаны кыйгап өтүп, кыйыр түрдө каражат алчу шарт түзүлдү. Өкмөттүн комиссиясы деген ат алгандан кийин мүлктүн баарын турмушта өкмөттөгү эле кызматкерлер баалап калат.
XS
SM
MD
LG