Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:30

ӨКМӨТТҮН АКСАРАЙЛАРЫ, СУГАРЫЛБАГАН КӨЧӨТТӨР, АЙЫПТУУ ГЕЗИТ


Кыргыз басылмалары апта соңунда чагылдырган темалар.

Бишкектин түштүк тарабында буга чейин Кыргызстанда баштала элек чоң курулуштун казаны кайнарын жума күнкү «Моя столица» гезити маалым кылды. Журналист Геннадий Кузьминдин жазганына караганда, кыргыз өкмөтү 217 гектир жерди ээлеген жаңы административдик-ишкердик жана да маданий борбор комплексин куруу даярдыгына киришкен чагы. Кадырлуу меймандарды кабыл алчу мамлекет башчынын иштөөчү үйү, өкмөттүк мекемелер, конгресс-холл, бийлик башчыларынын азем үйлөрү, көңүл ачуу жайлары, байлык менен бийликтин сөөлөтүн көрсөтчү ажайып курулушка кимдерди тартууну өкмөт ушул жылдын 5-мартында талкуулап, тендер жарыялоону чечкен. 2002-жылы КМШ боюнча ички дүң продукту өткөн жылга салыштырмалуу 95,1% түзгөн республикада бир жылда болгону 14 квартиралуу үй курулганын мисалга тарткан автор өкмөттүн жаңы демилгесин ишке ашыруу президенттин иш башкаруучусуна жүктөлгөнүн кабарлайт. Жаңы борбордун негизги имараты эмдиги жылдын май айына чейин тикелениши керек.

Бишкектин Ленин райондук соту Кыргызстандын ички иштер министрлигинин пайдасына “Моя столица” гезитинен 100 миң сом айыппул өндүрүп берүү жөнүндө чечим чыгарганына журналист Замир Өсөров токтолгон. Замир Өсөровдун маалымдашынча, соттук териштирүү маалында ички иштер министрлиги кайсы мыйзамдык негизге таянып өткөн жылдын ноябрында Бишкектен элеттиктерди күч менен чыгарып жиберишкенин далилдей алышкан эмес.

Ирактагы согуш тууралуу гезит кабарчысы Рина Приживойт АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О’Кифке кайрылган. Элчинин айтымында, Кошмо Штаттар Ирактын бүлүнгөн чарбасын калыбына келтирүүгө 3,5 миллиард доллар акча бөлүүгө ниеттенүүдө. Президент Буш Ирактагы урушка 75 миллиард доллар акча суроодо. Бул акча массалык кыргын салчу куралдар менен диктаторду жок кылууга жумшалат.

Саддам Хусейн режиминин кулатылышы башка диктаторлорго, жеке бийликке умтулгандарга чоң сабак болушу мүмкүн, - дейт “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов гезитте жарыяланган маегинде. Куловдун айтымында, - Ирактагы согуштун опур-топурунан пайдаланып Кыргызстандын президенти каршылыштарын камап, коркутуп, сес көрсөтүп, дагы үч мөөнөткө мамлекет башында турууга мүмкүнчүлүк алышы ыктымал.

Ирак согушу тууралуу жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Нуралы Капаров ой жүгүрткөн. “Карапайым кыргыз жарандарын көпкөлөң өзбек чекарачылары эриккенден “бута атып” ойногонун, түбү бир казактын тууш жигиттери кыргыздын кыз-келиндерин, жигиттерин бал тилге салып Казакстанга мыйзамсыз жолдор менен азгырып алып кетип, тамеки талааларына жалдап иштетип... эркектерин карактап, кыз-келинин каалагандай зордуктап, он айлык эмгегине он тыйын акы төлөбөй кубалап жибергенин... гезиттерден окуп, радиодон укканда бу шордуу кыргыз ... жөлөнөр жөлөгү жок жалгыз-жарым эл экенин сезгем,- деп жазат автор. – Бу шоруң каткыр Ирак кимге ишенип жалпы араб элинин келечеги үчүн жылаңач баатыр болуп чыга калды экен деп кейидим».

Лейлектеги депутат шайлоонун жыйынтыгы чыгып, атаандаштардын бири мандатка жетишип, экинчиси мурдагы кызматын аркалоого өткөнүнө карабай, шайлоочулардын “аркан тартмай” оюну уланып жатканы Нууман Саадинин жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитиндеги макаласында баяндалат.

“Эркинтоо” гезитинин жума күнкү санында академик Какин Сулайманкуловдун маеги жарыяланды. Илимпоздун айтымында, азыр илимге көп каражат бөлүнбөй калды, анткен менен кийинки эки-үч жылдан бери жаштардын илимге кызыгуусу жандана баштаганы байкалат.

Жыл сайын жергиликтүү бийликтин демилгеси менен Бишкектин жанындагы Бозбөлтөккө миңдеген көчөт отургузулуп, алар сугарылбагандан жайында куурап, талаага миллиондогон сомдор жөн эле чачылып жатканы тууралуу жума күнкү «Аалам» гезитинде Чолпонбек Абыкеев жазып чыкты. Автордун айтымында, быйыл да Бозбөлтөктүн президенттин дачасы турган жакка көчөт отургузуу демилгеси колдоо табууда.

Кыргыз тили Интернеттен орун таап, аны электрондук маалымат мейкинине чыгаруу маселесине жума күнкү “Апта соңунда” - “В конце недели” гезити кайрылды. Журналист Людмила Павлович андай аракет айрым өз демилгелүү инсандардын энчисинде калып, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай келатканына токтолгон. Кыргызстанда электрондук маалыматты жайылтчу мамлекеттик органдар биртоп, бирок алардын бир да бирөө кыргыз тилин Интернетке киргизип, электрондук тилди жандантуу аракетине кирише элек.
XS
SM
MD
LG