Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

ИРАК КАМПАНИЯСЫ: "ТАКТИКАЛЫК ТАНАПИС"


Иракта баштагыдай эле негизги басташтар Басра,Насирия жана Нежеф шаарларында болуп жатат. Өлкөнүн борбору Багдадга да байма-бай сокку урулууда. Ирактын түндүгүндөгү Мосул калаасы бир нече ирет бомбаланды.

Багдаддагы аба жапырыктар маалында жер алдындагы бункерлер бутага алынды. Аларга ар бири 800 килого барабар бомбалар ташталды. Мындан тышкары Ирактын маалымат министрлигинин имаратына, шаардын түштүк ыптасындагы бир катар обьекттерге сокку урулду. Ал эми Басрада аскерлештирилген жергиликтүү кошуундун таяныч пункттарынын бири талкаланды. Британдык командачылыктын өкүлдөрү Басрадан калк алдаалап кача баштаганын, ирак аскер бөлүктөрү алардын алдын тороп, бир нече ирет ок жабылта аткылагандыгын айтышууда. Ошентсе да калаадан качып чыкканга үлгүргөн 100 миңдей басралыктарга тамак-аш, дары-дармек жагынан жардам көрсөтүлдү. Ирактын маалымат министри Мухаммед ал-Сахаф болсо өз кезегинде Басранын жайкын калкын кыргынга салып жатканы үчүн коалициянын күчтөрүн айыптады. Иракка каршы агрессия башталгандан бери Басрада баары болуп 659 киши жарадар болду, 116 киши өлүм тапты,-деп билдирди ирак министри Багдаддагы пресс-конференцияда.

Ишемби күнү Эн-Нежефке чукул райондо америкалык “Апачи” вертолеттору Ирактын республикалык гвардиясынын позициясын аткылап, 25 танка, ондогон аскер техникасы талкаланды. Бери дегенде элүүдөй ирак жоокери окко учту. Жума күнү Вашингтондо согуш ветерандарынын өкүлдөрү менен жолугуп, президент Жорж Буш коалициянын күчтөрү ири ийгиликтерге жетишкенин, ирактын армиясына өзөртө сокку урулгандыгын белгилеген эле. Бүткүл Иракты чеңгелинде мыкчып турган режим азыр өлкөнүн алакандай гана аймагын контролдоп калды. Коалициялык күчтөр артыкчылыгын көрсөтүүдө жана Багдадга чукулдап кирип барды, деп айтты Буш.

Ошол эле күнү Пентагондогу пресс-конференцияда коргоо министри Дональд Рамсфелд Сирия менен Иранды ирактыктарга жардамдашып жатканы үчүн айыптады. Рамсфелддин айтымында, сириялыктар Иракты курал-жарак, айрыкча түн ичинде колдоно турган дүрбүлөр менен жабдып жатат. Мындай кадамды Рамсфелд душмандык деп атады жана Сирияга каршы тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгын белгиледи. Ал эми Иранда ирак оппозициясынан куралган Бадр корпусу активдеше баштады. Бадр корпусу согуш ыкмасына жатыккан,мыкты жабдылган бөлүктөрдөн турат,ал тикелей Ирандын революциячыл гвардиясына баш иет. Бадр корпусунун айрым отряддары Иракта пайда болгондугун белгилеп,Рамсфелд бул үчүн иран өкмөтү жоопкер болорун эскертти. Сириянын ООНдогу элчиси Михаил Вахбе Вашингтондун айыптарын четке кагып, Рамсфелддин сөздөрүн Иракта операциялардын оңунан чыкпай жаткандыгын башкаларга төңкөгүсү келген аракет катары баалады.

Пентагон коалициялык күчтөрдүн аскерий технология жагынан артыкчылыгы бат эле үзүрүн берет, көктөн көнөктөтө бомба жабылткан аба жапырыктары ирак армиясынын айбатын майтарат, акырында жек көрүндү режимге каршы калк өзү каркап көтөрүлүп чыгат, натыйжада операциянын башкы милдеттерин чектелүү эле контингент менен чечкенге болот деп эсеп кылган эле. Бирок мунун баары азырынча актала элек. Атүгүл америкалык жөө аскерлердин Ирактагы колбашчысы генерал Ульям Уоллес “Вашингтон пост” гезитине берген интервьюсунда: “Бу жолку уруш биз камынган согуштан таптакыр башкача болуп чыкты”, - деп моюнга алды. Генералдын бул кеби Вашингтон администрациясындагы бир катар өкүлдөрдүн кычыгына тийди. Деген менен Кошмо Штаттарында Ирактагы аскерий операцияга ичи чыкпаган, андан ибеп санаган апаздар арбын угула баштады. Ройтерстин маалыматтарына караганда, Пентагон беш-алты күнгө “тактикалык танапис” алганы жатат. Аталган аралык ичинде Багдадды алуунун планы такталат,ага чейин коалициялык күчтөр шаарга кирбейт. Бирок Пентагондун өкүлү бул маалыматты же бышыктап же төгүндөп бергенден баш тартты.

XS
SM
MD
LG