Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

АНКЛАВГА КАНЧА МАШИНА ӨТКӨРҮЛӨТ?


Кожогелди Култегин, Ош Барак анклав кыштагында жол катнаш кандай? Чек арадан канча машина өтө алат?

Кыргызстан-Өзбекстан чек арасын тактоочу өкмөттүк комиссиялардын Ташкенде өткөн жыйынында Кыргызстан чек арасынан Барак анклав кыштагына барчу жолду калыбына келтирүү, барактыктардын Кыргызстанга тоскоолдуксуз өтүшү боюнча атайын протоколго кол коюлган. Ырас, андан көпкө созулбай Баракка кетчү машине жолдогу Өзбекстан тарабынан атайлап казылып ташталган жер бүтөлүп, толтурулуп, машина жолго кошумча бөгөт катары коюлган темир бетон плиталар алынып ташталган.

Бирок барактыктардын тоскоолдуксуз каттоо мүмкүнчүлүгү бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан тарабынан камсыз боло элек. Маселен, жогоруда сөз болгон эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргызстандын Карасуу району менен Өзбекстандын Коргондөбө районунун жетекчилери Кыргызстан чегинен Баракка чейин каттоого укук ала турган автомашиналардын тизмесин бекитиш керек эле. Тизмени Барак айылынын башчысы Нурдин Карачаев айткандай: - «Карасуу райондук администрациясынын башчысы Адам Закиров кол коюп, бекитип берген. Коргондөбөнүн акими Касымов болсо бекиткен жок».

Кыргызстан тарап сунуш кылган 78 автомашинаны өзбекстандыктар өтө эле көп деп эсептейт. Ал тизмеге кошулган Карасуу районунун жетекчилеринин машиналарын өткөрүүгө да каалоо жок. Андыктан Өзбекстан тарап машиналардын санын азайтуу талабын коюшууда. Айыл башчынын айтуусунда: «Кыскарт деп Коргондөбөнүн милиция башчысы Манзов айтты. Барактагылар гана өтүшкө уруксат берилген. Барактагылар өтөт, башкалар өтпөйт. Жолуңар ылайык келбейт жүрүшкө деди. Мен айттым, силер өзүңөрдүн кылганыңар бул, силер жолду казып салганыңар үчүн, биздин жол ушундай болуп ылайга айланып кетти деп».

- Алардын макул эместигин Карасуу райнунун жетекчилигине жеткирдиңерби?- деген сурообузга Карачаев мындай жооп узатты: «Карасуунун акими Адам Закировичке айттым. Карасуунун милиция башчысы, анын орун басары, МАИси биздин айылга келип ошолор менен Коргондөбөдө сүйлөшө турган болду».

Нурдин Карачаевдин айтуусу боюнча, жолдун начар абалга түшүшүнө өзбектер өздөрү күнөөлүү. «Биздин Барак айылындагы жол эмес, аралыгындагы жолду өздөрү жаман кылып салган. Ошону өздөрү оңдойт, берки өзүбүз жакты өзүбүз оңдойбуз,- дейт ал. - Биздин айылыбыздагы чек арага чейинки жолдор жаман болуп кеткен».

Ырас, учурда барактыктардын айрым жеке менчик жеңил машиналары Барактан Кыргызстан чегине, Карасуу, Ошко келип-кетип жатат. Алар Өзбекстан чек ара бекетиндегилер менен сүйлөшүп, суранып, жалбарып гана катташууда. Барак кыштагынын тургуну, «Сагыныч» дыйкан чарбасынын жетекчиси Дөөлөтбек Исабеков айткандай: «Жолдун каттоосу боюнча расмий уруксат берилген жок. Бул жерде бир гана өзүбүздүн балдар минген маршруттук такси бар. Башка машинага өтүүгө азыр эч кандай уруксат жок. Калган учурда бардыгы жөө барышка туура келет. Баштагыдай эле жүктөрүн көтөрүп алып жөө баруу керек».

Д.Исабеков айылдыктар 2 чакырымдай жерге жүгүн жөө көтөрүп өтүп атышканын айтты: «Жүк алып өтүүгө уруксат эмес. Протоколдо көрсөтүлгөн боюнча биздин айылдын айыл чарба продукциясын алып өтүшкө уруксат деп жазылган. Өзбекстан ушундай талап коюп атат, канча гектар жерге пахта эгилсе, ошол жерге кеткен майлоочу, күйүүчү майларды, андан да ошол жерден алынган түшүмүнө чейин иштетип туруп, анан ошондон чыкканына гана биз жооп беребиз. Калгандары силер Өзбекстандын пахтасын алып алдыңар деген шылтоо менен ушул күнгө чейин өткөрбөй келүүдө».

Жыйынтыктап айтканда, жогоруда сөз болгон жагдайлардан улам, бүгүн дагы Барак кыштагына келим-кетим, жүк алып өтүү оор бойдон калууда.
XS
SM
MD
LG