Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Кыргызстан менен Европа Биримдиги кызматташтык маселесин талкуулады


БИШКЕК. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча комитеттин 27-мартта Брюссель шаарында өткөн жыйынында тогуз маселе каралды. Жыйынга катышкан Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин бүгүнкү маалыматына караганда, жыйында Кыргызстандын экономикалык өнүгүшүнө, демократиялык процесстерге, Европа Биримдигинин Кыргызстанда ишке ашыра турган долбоорлоруна жана анын бере турган жардамына байланышкан маселелер талкууланды. Бул маселелер Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча департаментинин директору Курт Юул, уюмдун Борбордук Азия боюнча кураторлору Виктор Броод жана Ван Гоол менен болгон жолугушууларда да талкууланды. Мындан тышкары, Европа Биримдигинин Кыргызстанда ишке ашыра турган азык–түлүк коопсуздугун камсыз кылуу программасы, массалык маалымат каражаттарын жана адам укугун коргоо маселеси тууралуу да сөз болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG