Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Багдад бомбаланууда


Коалициялык күчтөр Багдадды бомбалоосун улантууда. Америкалык аскерий өкүлдөр бутага президенттик сарайлар,аскерлерди машыктыруучу жайлар алынганын билдиришти. Аба чабуулдарынан кандай зыян болгону тууралуу маалыматтар түшкөн жок. Биздин кабарчыбыздын билдиргенине караганда, Багдаддын түштүк тарабындагы Кербела шаарынын жанында америкалык аскерлер Ирактын Республикалык Гвардиясынын күчтөрү менен салгылашууда. Ага чейин Республикалык Гвардиянын бул жердеги турумдарына эки күн бою абадан сокку урулган эле. Басра шаарынын жанындагы уруштарда британ аскерлери ирак армиясынын бир генералын туткундап, дагы бир жогорку даражалуу офицерин мерт кылган. Ирактын маалымат министри Мохаммед Саид ал – Сахаф бүгүн Багдаддагы басма сөз жыйынында Басра шаарынын жанынан АКШнын бир тик учмасы атып түшүрүлгөнүн билдирди:
- Кечээ ирак урууларынын кайраткерлери,биздин элдин башка согушкерлери менен бирге АКШнын "Апачи"тик учмасын атып түшүрүп, анын эки учкучун өлтүрдү. Экинчи тик учма аман-эсен чыгып кетүүгө үлгүргөн. Эки учкучтун сөөгү ошол жерге көмүлдү.
Ал эми Пентагон аларда тик учма атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат жок экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG