Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:33

ЕЮФОРдун алгачкы тынчтык миссиясы


Европа Биримдигинин күчтөрү - ЕЮФОРдун 300 жоокери жекшемби күнү куптанга жуук тынчтыкты сактоо боюнча биринчи миссиясын Македонияда баштады. Буга чейин Македониядагы тынчтык миссиясын НАТО аткарып жаткан.
27 өлкөнүн аскерлеринен куралган жана жеңил куралданган 300 жоокерге француз генералы командачылык кылат.
Кабарчылардын сөзүнө караганда, Македониядагы тынчтык күчү чакан болуп, анын миссиясы жарым жыл менен чектелсе да, Евробиримдиктин тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн келечекте ири масштабадагы операцияларды өткөрүүсү үчүн өтө маанилүү сыноо болот.
ЕБнын жетекчилиги Тез аракеттенүүчү күчтөр келечекте тынчтык миссиясын Африкада же Молдовада аткарышы мүмкүн деп санайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG