Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Дарыгерлер жаңы вирустун чоо-жайын аныктоо алдында турат, бирок дартка чалдыккандардын саны өсүүдө


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмундагы өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, дарыгерлер адамдын дем алуу органдарын жабырлантчу жаңы вирустун чоо-жайын аныктоого жакындап калды. Кыскача "SARS" деп аталган жаңы дарттын айынан азыркыга чейин дүйнө өлкөлөрүндө 55 адам көз жумду. Дүйнөлүк саламаттыкты сатоо уюмунун өкүлү Хиточи Ошитанинин айтымында,вирустун аныкталышы – анын дарысы тез эле табылат дегенди туюндурбайт. Бирок, ооруу менен күрөшүү ишине жакшы жардам берет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, адамдын дем алуу органдарын жабырлантчу вирустун жаңы түрү алгач февраль айында Кытайда катталгандан бери аны дүйнөнүн он бештей өлкөсүнүн 1600 тургуну жуктуруп алды. Алардын алты жүздөн ашууну Гонконгдо. Бүгүн бул жерде жаңы вирус бир кичирайондун 92 жашоочусунан табылганы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG