Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Боснияда мындан сегиз жыл мурунку кызыл кыргында курман болгондордун сөөгү жерге берилди


Босниянын Сребреница шаарында мындан сегиз жылча мурун болгон кызыл кыргындын курмандыктарынын саны 7 миңден ашат. Босниялык сербдердин аскерлери 1995-жылдын июль айында "коопсуз аймак" катары эсептелген Сребреница шаарын басып алгандан кийин, жергиликтүү мусулмандарды массалык түрдө өлтүрүшкөн. Азыркыга чейин курман болгондор жапырт көмүлгөн жерден 5000 миңдей адамдын сөөгү казылып алынып, 800гө жакын адамдык аты жөкү аныкталган. Аты-жөнү аныкталган алгачкы 600 адамдын сөөгү дүйшөмбү күнү Поточари кыштагында жерге коюлду. Аза күтүү каадасына Босниянын расмий өкүлдөрү, 20 дай мамлекеттин элчилери, жалпысынан 8000 миңдей адам катышты. Бирок босниялык сербдер азыр деле массалык кыргын болгонун моюнга алуудан баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG