Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

АКШ Сирия менен Иранга террорчулукту колдоодон баш тартуу зарылдыгын кайрадан эскертти


Бул ирет мындай билдирүүнү Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жасады. К.Пауэлл коомдук иштер боюнча Америка-Израил комитетинин жыйынында сүйлөгөн учурунда Сирия өз аракеттеринин кесепеттери үчүн жоопкер экенин белгиледи:
- Сирия террордук топторго жана Саддам Хусейндин өлүп бара жаткан режимине тикелей колдоо көргөзүүсүн уланта алат же башка келечектүү жолго багыт алса болот. Канткен күндө да Сирия өз тандоосу жана аны кесепеттери үчүн жоопкер .
Аскерий операция башталгандан бери АКШ Сирияны Иракка согуштук жабдууларды жөнөтүп жатканы үчүн айыптоодо. АКШнын Мамлекеттик катчысынын айтымында, Иран да террорчуларды колдоону жана массалык кыргын салуучу куралдарды жасоону токтотушу керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG