Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Ирактын тышкы иштер министри коалициялык күчтөр өз мүдөөсүнө жетпейт деп эсептейт


Нажи Сабри Багдадда болгон басма сөз жыйынында чабуул коюп келе жаткан коалициялык күчтөрдү чегинүүгө же багынып берүүгө үндөдү. Нажи Сабринин айтымында, америка-британ аскерлеринин Саддам Хусейнди бийликтен кулатуу мүдөөсү ишке ашпайт, Ирактын чөлдөрү алар үчүн чоң мүрзөгө айланмакчы:
- Биз өзүбүздүн чөлдөрдү америкалык жана британиялык жоокерлер үчүн чоң мүрзөгө айландырабыз.
АКШ баштаган аскерлердин Иракка басып кирүүсүн ирактык шийилердин сүргүндө жашаган дин ишмерлери да айыптады, бирок алар Саддам Хусейндин режими кулатылса эле өлкөгө кайтуу ыкласы бар экенин билдиришти. Дин ишмерлеринин Иранда болгон жыйынынан кийин таратылган билдирүүсүндө, Ирактын келечеги өлкөнү калкы тарабынан аныкталыш керектиги айтылган.

XS
SM
MD
LG