Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Жалалабаддагы укук коргоочу уюмдун өкүлдөрү убактылуу кармоо жайларындагы абал менен таанышып чыгышты


ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн облустагы адам укугун коргоочу «Справедливость» ("Адилеттик") бейөкмөт уюмунун адистери Жалалабад шаар прокурорунун уруксатынан кийин шаардагы ички иштер бөлүмүндөгү убактылуу тергөө абагы жана анда жаткан адамдардын абалы менен таанышып чыгышканын кабарлашты. Алар 96 адамга эсептелген жайда турган 70 кишиге бирден тамеки, «Мыйзамсыз кармалганда укукту кантип сактоо керек» деген китепчелерди тапшырышты. Убактылуу тергөөдө жаткандарга казына эсебинен күнүнө бир ирет тамак берилээри айкын болду. Укук коргоочу Абдымалик Шариповдун билдирүүсү боюнча, убактылуу тергөө абагын изилдөө «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен башталды. Изилдөө иши аталган жайлардын абалын жакшыртыш үчүн эл аралык уюмдарга долбоор түзүү максатын көздөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG