Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Депутаттык кол тийбестикти калыбына келтирүүгө калк каршы


БИШКЕК. Кыргызстандын президентинин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту депутаттык кол тийбестик укугун калыбына келтирүү боюнча сурамжылоо жүргүзүп, ага суралгандардын 85-90% каршы экендигин аныктады. Бул тууралуу бүгүн институттун директору Валентин Богатырев билдирди. Анын маалыматына караганда, сурамжылоо октябрь-январь айларынын аралыгында өлкөнүн бардык аймагында жана Бишкек шаарында жүргүзүлүп, ага 900 адам катышкан. В.Богатыревдун пикири боюнча депутаттык кол тийбестик укугу оппозициячыл маанайдагы саясий партиялардын демилгеси менен киргизилген. Ал саясий билдирүүлөрү үчүн куугунтуктоодон корккон депутаттар менен өзүнүн жеке бизнеси бар депутаттардын кызыкчылыгы үчүн гана зарыл. Эгер соттор мыйзамдуу иш жүргүзө турган болсо кол тийбестиктин зарылдыгы өзүнөн-өзү жоюлушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG