Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Коррупция Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын 20% ашыгын түзөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев Коопсуздук Кеңешинин жыйынынында билдирди. Анын айтымында коррупция, көмүскө экономика жана уюшкан кылмыштуулук Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары менен коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Атап айтканда, аткезчилик өлкөнүн экономикасына жылына 600 миллион сомдук зыян алып келүүдө. Ал эми башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин айтымында, буга тартип коргоо органдарынын өз ара бирдиктүү иш алып барбаганы себепкер. Маселен, өткөн жылы Башкы прокуратура ар кандай мыйзам бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызмат адамдарына карата 217 кылмыш ишин ачып сотко жөнөтсө, сот анын 50% актап жиберген. Ал эми ички иштер министри Бакирдин Субанбеков өткөн жылы 2197 экономикалык кылмыш катталгандыгын билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик бийликте азыр пара алуу жана опузалап акча алуу күч алып, бул боюнча салык жана бажы кызматкерлери алдыда.

XS
SM
MD
LG