Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

БИШКЕКТЕ ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ТАЛКУУЛАНДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 25-марттан 28-мартка чейин Чолпоната шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн улуттук координаторлор кеңешинин жыйыны болду. Анын жыйынтыгы менен дүйшөмбү күнү журналисттерди Кыргызстандын бул уюмдагы улуттук координатору, тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев тааныштырды.

«Азаттыктан» мурда кабарлагандай, 25-марттан 28-мартка чейин Чолпоната шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун улуттук координаторлорунун жыйыны, ал эми Бишкекте уюмга кирген өлкөлөрдүн эксперттеринин отуруму өткөрүлдү. Кыргызстандын бул уюмдагы координатору Асанбек Осмоналиевдин айтымында, бул жолку отурумда уюмдун болочок ишмердүүлүгүнө байланыштуу негизги маселелер каралды. Анын ичинде уюмдун Бээжинде жайгашып туруктуу иштей турган катчылыгына жана борбору Бишкекте жайгаша турган аймактык антитеррордук стуруктурасына тиешелүү документтердин долбоорлору талкууга алынды. Аталган документтердин мазмуну тууралуу А.Осмоналиев журналисттерге буларды айтып берди:

- Бүгүнкү күнү эки негизги документтин долбоору талкууга алынууда. Биринчиси - уюмдун аймактык антитеррордук стуруктурасынын кеңешин түзүү тууралуу. Башкача айтканда, бул аймактык антитеррордук структуранын эң жогорку органы болот. Аталган кеңешке уюмга кирген алты өлкөнүн бирден өкүлү кирет. Ал өкүлдөр уюмга кирген өлкөлөрдүн ички тартибине ылайык дайындалат. Мындан тышкары бул жолугушууда эксперттер аймактык борбордун аткаруу комитетинин ишмердүүлүгүн талкууга алышты. Аткаруу комитети туруктуу иштей турган орган болот. Ал негизинен уюмга кирген өлкөлөрдүн тиешелүү органдарынын ишмердүүлүгүн терроризмге, сепаратизмге жана экстремизге каршы күрөшүү максатында бириктирет.

Ошондой эле бул жолку жолугушууда уюмду каржылоо маселеси да талкууга алынган. Ал тууралуу А. Осмоналиев буларга токтолду:

- Биз бул маселе боюнча эки түрдүү көз карашта турабыз. Баарынан мурда каржылоого ар бир өлкө өз үлүшүн кошушу керек. Ошол эле учурда бул маселеде ар бир өлкөнүн ички дүң продукциясынын өлчөмүн эске алуу зарыл. Талкуунун жүрүшүндө биз каржылоо маселесинде ар бир өлкө кошо турган каражат өлчөмүнүн жогорку чегин аныктоону сунуштадык. Анткени келечекте бул уюм аны көп каржылаган өлкөгө көз каранды болуп калбашы керек. Өзүнөргө маалым, буга Бириккен Улуттар Уюму жакшы мисал боло алат.

А.Осмоналиевдин айтымында, бул жолу кыргыз тарап Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте борбору жайгаша турган аймактык органына эки жерден имарат сунуштады. Аны 25-мартта улуттук координаторлор көрүп, бир жыйынтыкка келишкен жок. «Эксперттер бул маселе боюнча өз сунуш-пикирлерин кийинки отурумда ачыктай турган болушту», - деп кошумчалады Асанбек Осмоналиев. Анын сөзүнө караганда документтердин долбоорлору жакынкы күндөрү эксперттердин Алмата шаарында боло турган жолугушуусунда дагы бир жолу талкууланып, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин быйыл апрелдин соңунда Казакстанда өтө турган жолугушуусунда кошумча каралат. Андан соң документтин соңку долбоору уюмга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын май айында Москвада өтө турган жолугушуусуна сунушталат.

Шанхай Кызматташтык Уюмуна Кытай, Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан кирет.

XS
SM
MD
LG